Новости

Предметтик декадалар катары менен коштолуп, окуучуларга, мугалимдерге майрамдык маанай болууда десек жаңылыштык болбос, анткени бүгүн да математиктердин “Математика-бул адам рухунун эң күчтүү жана эң кооз чыгармасы” аталышында бир айлык декадасынын ачылышы 7-класстардан түзүлгөн “Жети дубан”, “Жетиген”, “Жети жаш математик” топторунун катышуусунда “Сыйкырдуу 7 саны” аталышындагы акыл-таймаш оюну менен коштолду. Сынактын уюштуруучулары математика предметинин куратору Махабат […]
26.01.2023 329
“Орус тилинде керемет тартуулайбыз” аталышында орус тили предметинин бир айлык декадасы орус тили предметинин куратору Байсенова Жыпара эжеке жетектеген бардык орус тили мугалимдеринин катышуусунда ачылды, катышкан окуучуларга, мугалимдерге ийгиликтер болсун, мыкты келечек ээлерине тарбия, билим берүүгө чыныгы кадамдарды таштай берели, сен албетте күчтүүсүң сүйүктүү МУГАЛИМИМ…
24.01.2023 125
Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу сууктан улам 16-январга чейин узартылганын билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Эскерте кетсек, мектепте үчүнчү чейрек 11-январь күнү башталмак. Бирок Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, өлкө аймагында катуу суук болорун айткан.
10.01.2023 104
#84 мектептин базасында Ленин районундагы мектептер арасында “волейбол” боюнча мелдеш өттү. Жыйынтыгында биздин мектептин эжекелер командасы 1-орунду алдык. Негизги демөөрчү Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Улан Сариевдин 15000 сомдук инвентарь үчүн берилген сертификатына татыктуу болдук.
13.12.2022 122
Окуу керемети долбоорунун алкагында башкы адистердин катышуусунда 3 мугалим мыкты сабактарын көрсөтүштү. Бекташова Сыргажан, Бейшенова Аида жана Толкунбек кызы Акмарал, Саламатова Бермет, Токтогулова Кундуз эжекелер, келечек ээлерин билимдин бийик чокусуна жеткире бериңиздер!
13.12.2022 119
Манас күнүнө арналган иш чараны утурлай, Ленин райондук билим берүү борборунун адиси Калбүбү Жакыбалиевнанын да эмгегин баалоого болот, анткени уюштуруу ишинин башында болду. Руханий жан дүйнөсү бийик адам гана, бүгүнкүнү күтүп, эртеңкиге сереп салып, келечекке кадам таштайт эмеспи, ошондон улам 8-9-10-11-класстын окуучуларын класс жетекчилери, уюштуруучу, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Кыргыз Улуттук драм театрына […]
13.12.2022 91
Улуттук адабият күнүндө таланттуу балдарыбыз менен биргеликте кыргыз тили, адабияты мугалимдери “Адабият-адеп башаты, акыл казынасы” аттуу адабий музыкалуу кече уюштурушту. Кыргыз эли үчүн опол тоодой орду бар, эки инсандын руху дайыма келечек муундарыбызды колдоп жүрсүн!
12.12.2022 104
Ч. Айтматовдун 94 жылдыгын утурлай 8-класстар арасында адабий-музыкалык кече болуп өттү. Китепкана башчылары, класс жетекчилери уюштурууга алышты. Чыгармачылыктарыныздар өркүндөй берсин, урматтуу кесиптештер! Балага канчалык аянбастан жол көрсөтө берсек, ошончолук ыраазычылык артарына ишенимим чексиз!
06.12.2022 110
“Жомоктор дүйнөсүнө саякат” сынагы 2-класстар арасында китепкана башчысы Өмүркулова Бактыбу эженин уюштуруусу менен болуп өттү. Класс жетекчилери бардык тараптан колдоо көрсөтүп, эң жакшы даярдыктарын көрсөтө алышты.
05.12.2022 218
“Жаш манасчы” -2022 шаардык сынагында 8д классынын 2 окуучусу Искендербекова Даткайым 2-орун, Тентиева Аэлина 4-орунга ээ болушту. Англис тилинде Манас айтуу боюнча даярдоого алган мугалим Жапакова Зульфия Аширбаевнага мактоолор болсун! Окуучуларыбыз-биздин сыймыгыбыз!
02.12.2022 97
1 / 3123