Шахмат боюнча райондук Лига өтүлдү, жыйынтыгында мектептин балдар тайпасы 2-орун, кыздар тайпасы 3-орунга ээ болушту. Шахмат ийримин көп жылдык тажрыйбасы бар мектептин ардактуу мугалими Борбиев Карыпбай агай жетектеп келет. Жалпы уюштуруучуларга мактоолор болсун, акылдуу окуучуларыбыздын саны арбып, дүйнөлүк деңгээлге чейин жетүүгө насип кылган болсун!
#84 мектептин базасында Ленин районундагы мектептер арасында "волейбол" боюнча мелдеш өттү. Жыйынтыгында биздин мектептин эжекелер командасы 1-орунду алдык. Негизги демөөрчү Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Улан Сариевдин 15000 сомдук инвентарь үчүн берилген сертификатына татыктуу болдук.
Окуу керемети долбоорунун алкагында башкы адистердин катышуусунда 3 мугалим мыкты сабактарын көрсөтүштү. Бекташова Сыргажан, Бейшенова Аида жана Толкунбек кызы Акмарал, Саламатова Бермет, Токтогулова Кундуз эжекелер, келечек ээлерин билимдин бийик чокусуна жеткире бериңиздер!