ОШ №82 №82 жалпы билим берүү мектеби

Новости

[video width="360" height="640" mp4="https://82.edubish.kg/wp-content/uploads/sites/41/2026/06/video-3.mp4"][/video]
18.06.2026 24
Шахмат боюнча райондук Лига өтүлдү, жыйынтыгында мектептин балдар тайпасы 2-орун, кыздар тайпасы 3-орунга ээ болушту. Шахмат ийримин көп жылдык тажрыйбасы бар мектептин ардактуу мугалими Борбиев Карыпбай агай жетектеп келет. Жалпы уюштуруучуларга мактоолор болсун, акылдуу окуучуларыбыздын саны арбып, дүйнөлүк деңгээлге чейин жетүүгө насип кылган болсун!
14.12.2022 201
#84 мектептин базасында Ленин районундагы мектептер арасында «волейбол» боюнча мелдеш өттү. Жыйынтыгында биздин мектептин эжекелер командасы 1-орунду алдык. Негизги демөөрчү Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Улан Сариевдин 15000 сомдук инвентарь үчүн берилген сертификатына татыктуу болдук.
13.12.2022 239
Окуу керемети долбоорунун алкагында башкы адистердин катышуусунда 3 мугалим мыкты сабактарын көрсөтүштү. Бекташова Сыргажан, Бейшенова Аида жана Толкунбек кызы Акмарал, Саламатова Бермет, Токтогулова Кундуз эжекелер, келечек ээлерин билимдин бийик чокусуна жеткире бериңиздер!
13.12.2022 249
Манас күнүнө арналган иш чараны утурлай 8-9-10-11-класстын окуучуларын класс жетекчилери, уюштуруучу, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Кыргыз Улуттук драм театрына «Төлгө» аттуу спектаклине алып барып келишти. Бул ишке ата-энелербиз колдоо көрсөтүшүп, окуучуларыбыз болсо сүйүнүү менен кабыл алышты.
13.12.2022 206
Ч. Айтматовдун 94 жылдыгын утурлай 8-класстар арасында адабий-музыкалык кече болуп өттү. Китепкана башчылары, класс жетекчилери уюштурууга алышты. Чыгармачылыктарыныздар өркүндөй берсин, урматтуу кесиптештер! Балага канчалык аянбастан жол көрсөтө берсек, ошончолук ыраазычылык артарына ишенимим чексиз!
06.12.2022 206
«Жомоктор дүйнөсүнө саякат» сынагы 2-класстар арасында китепкана башчысы Өмүркулова Бактыбу эженин уюштуруусу менен болуп өттү. Класс жетекчилери бардык тараптан колдоо көрсөтүп, эң жакшы даярдыктарын көрсөтө алышты.
05.12.2022 188
Бугун 13.03.2019 мектептин 6- класстын окуучуларынан турган топ эжекеси Токтомушева Гулизанын жетекчилиги менен Балдар ФМ радиосунун Акыл таймаш интелектуалдык оюнуна катышып 1-орунду ээлеп келишти.
05.12.2022 188
1 / 3123