СОШ №82 №82 жалпы билим беруу орто мектеби

Новости

Шахмат боюнча райондук Лига өтүлдү, жыйынтыгында мектептин балдар тайпасы 2-орун, кыздар тайпасы 3-орунга ээ болушту. Шахмат ийримин көп жылдык тажрыйбасы бар мектептин ардактуу мугалими Борбиев Карыпбай агай жетектеп келет. Жалпы уюштуруучуларга мактоолор болсун, акылдуу окуучуларыбыздын саны арбып, дүйнөлүк деңгээлге чейин жетүүгө насип кылган болсун!
14.12.2022 133
#84 мектептин базасында Ленин районундагы мектептер арасында «волейбол» боюнча мелдеш өттү. Жыйынтыгында биздин мектептин эжекелер командасы 1-орунду алдык. Негизги демөөрчү Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Улан Сариевдин 15000 сомдук инвентарь үчүн берилген сертификатына татыктуу болдук.
13.12.2022 171
Окуу керемети долбоорунун алкагында башкы адистердин катышуусунда 3 мугалим мыкты сабактарын көрсөтүштү. Бекташова Сыргажан, Бейшенова Аида жана Толкунбек кызы Акмарал, Саламатова Бермет, Токтогулова Кундуз эжекелер, келечек ээлерин билимдин бийик чокусуна жеткире бериңиздер!
13.12.2022 181
Манас күнүнө арналган иш чараны утурлай 8-9-10-11-класстын окуучуларын класс жетекчилери, уюштуруучу, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Кыргыз Улуттук драм театрына «Төлгө» аттуу спектаклине алып барып келишти. Бул ишке ата-энелербиз колдоо көрсөтүшүп, окуучуларыбыз болсо сүйүнүү менен кабыл алышты.
13.12.2022 139
Улуттук адабият күнүндө таланттуу балдарыбыз менен биргеликте кыргыз тили, адабияты мугалимдери «Адабият-адеп башаты, акыл казынасы» аттуу адабий музыкалуу кече уюштурушту. Кыргыз эли үчүн опол тоодой орду бар, эки инсандын руху дайыма келечек муундарыбызды колдоп жүрсүн!
12.12.2022 151
Ч. Айтматовдун 94 жылдыгын утурлай 8-класстар арасында адабий-музыкалык кече болуп өттү. Китепкана башчылары, класс жетекчилери уюштурууга алышты. Чыгармачылыктарыныздар өркүндөй берсин, урматтуу кесиптештер! Балага канчалык аянбастан жол көрсөтө берсек, ошончолук ыраазычылык артарына ишенимим чексиз!
06.12.2022 144
«Жомоктор дүйнөсүнө саякат» сынагы 2-класстар арасында китепкана башчысы Өмүркулова Бактыбу эженин уюштуруусу менен болуп өттү. Класс жетекчилери бардык тараптан колдоо көрсөтүп, эң жакшы даярдыктарын көрсөтө алышты.
05.12.2022 131
Бугун 13.03.2019 мектептин 6- класстын окуучуларынан турган топ эжекеси Токтомушева Гулизанын жетекчилиги менен Балдар ФМ радиосунун Акыл таймаш интелектуалдык оюнуна катышып 1-орунду ээлеп келишти.
05.12.2022 131
«Жаш манасчы» -2022 шаардык сынагында 8д классынын 2 окуучусу Искендербекова Даткайым 2-орун, Тентиева Аэлина 4-орунга ээ болушту. Англис тилинде Манас айтуу боюнча даярдоого алган мугалим Жапакова Зульфия Аширбаевнага мактоолор болсун! Окуучуларыбыз-биздин сыймыгыбыз!
02.12.2022 124
Эки айдан бери башталгыч класстардын айлыгы жүрүп жатат, 46 башталгыч классынын мугалими пландын негизинде мыкты сабактардын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Айрым сабактардан көз ирмемдер…
23.11.2022 123
Бүгүн, 1-мартта химия, биология предметтеринин бир айлык декадасы болуп өттү. 9-е,9-ж орус класстарынын катышуусунда таймаш уюштурулуп, жыйынтыгында 9-ж классынын «Кислород тобу» жеңишке жетишти. Жалпы окуучуларыбызга, химия, биология мугалимдерине ийгилик каалайбыз!
01.03.2022 176
1 / 3123