Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө  Биз жөнүндө

№ 82 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ

Мектептин аталышы№82 жалпы  билим берүү орто мектеби
Мектеп директоруИсраилова Алмагуль Нурбековна
Дареги  Ленин району, Ала-Тоо конушу 51/1
Телефондору+996 (312) 88 21 35
Эл.дарекМектептин сайты

 

Эл.почта

www.82.edubish.kg

 

[email protected]

Менчиктештирүү формасыМуниципалдык
Мектептин ачылган жылы

 Жаңы имараттын ачылышы

1996 – жыл

2015 – жыл 20-март

Сыйымдуулугу550 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда мектепте 4401 окуучу билим алат.
Жылытуу түрүЭлектр, көмүр
Ресурстук базаМектеп 2 корпустан турат, жаңы корпус 2кабаттуу, эски корпуста 14 кабинет 5 тайпалык кабинет. Жаңы корпуста 36 кабинет 14 тайпалык кабинет, 333 орундуу жыйындар залы, 70 орундуу конференциялык зал, спорт залы жана 120 орундуу ашкана бар.
Окуу  кабинеттериОИВТ-2,  кыргыз тили-2, физика-1, химия-1, биология-2, история-2, башталгыч класстар -21, география-2, русский язык-2, чет тили -2
Техникалык жабдуусуПроектор-8,  интерактивдүү доска-6, интерактивдүү панель-1
Иштөө режими 5-күндүк, с 8.00 дон 18.30 га чейин, жогорку класстар 2 мөөнөт, башталгыч класстар 3 мөөнөттө
Окутуу тиликыргызча, орусча (6-9 класстар)
Окуу китептериОкуу китептер  – 23812  экз. көркөм жана методикалык китептер – 6750нуска. Жаңы китептер 4780, жалпы фонд 30563китеп.
Педагогикалык курам154 мугалим
Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясыДүйнөгө болгон көз карашы кеңири, Мекенчил, физикалык жактан өнуккөн, информациялык технологиялар жана рынок шартында жашоого жөндөмдүү, коммуникативдик маданиятка ээ, негизгиси мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу.
Мектептин негизги усулдук  темасы“Инсаныкка багыттоо менен окутуу-тарбиялоо процессин гумандаштыруу.
Социалдык  паспортЖетим -3, жарым жетим -102, толук эмес үй бүлө -89, аз камсыз үй бүлө -52
Көзөмөлдүн багыттарыАдминистративдик кенеш, пед.кеңеш, кичи пед.кеңеш, методикалык кеңеш, укук бузууучулук боюнча профилактикалык иштер,ата-энелер чогулушу, комитеттердин чогулушу, класстык ата-энелер чогулушу, директор алдындагы кенешме,

завуч  алдындагы кенешме административдик жана өндүрүштүк кеңешмелер, оперативдүү кенешмелер, метод бирикмелердин кеңешмеси. Персоналдык көзөмөлдөө, тематикалык көзөмөлдөө, комплекстүү көзөмөлдөө.

Өзүн-өзү башкаруунун формасыМектеп парламенти, мектеп лидерлери, “Келечек” – өзүн-өзү башкаруу уюму
Мектептин жетишкендиктери  Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №82 жалпы  билим берүү орто мектеби Ала-Тоо конушунун кең койнунда жайгашкан. Аталган  мектеп         1996-жылы 3-сентябрда башталгыч мектеп катары ачылып,  алгач 205 окуучу билим алган. 1998-жылы 1-сентябрда кошумча беш класс, андан соң                      2012-жылдын 1-сентябрында  мектептин кошумча  имараты ачылган.            2015-жылдын 20-март күнү 550 орундуу мектептин жаңы имараты ишке берилген. Мектептин түптөлүшү менен 20 жылдык убакытта директорлук кызматта Конушбаева Атыркүл Конушбаевна эмгектенген. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматтарында Г.Карабаева, Б.Момуналиева, Ү.Э.Сакенова, А.М.Өмүрканова, Г.К.Мукешова, Ж.Жайыкбаева, К.Ж.Хайтбаева, К.Токтобаева, Г.Нуралиева, М.А.Байтемирова, С.Э. Чокубаева, Г.А.Таабалдиева, А.Н.Джусупова, В.Е.Владимировна, Г.Ж.Жолдошова, С.Иманалиева, Ж.Караева, Ы.Асылбекова, Ж.Р.Абдибаева, М.Ы.Ибраева, Ли Мая Борисовна, М.А.Кошалиева, Н.С.Жапакова, А.Т.Бейшебаева, М.С.Көкөева, А.А.Койчуманова, А.А.Муканбетова, А.Б.Топчубекова, Т.М.Худайбердиева, З.Т.Турдукулова, С.А.Бекташова, А.Н.Бейшенова, Ж.К. Мааданова, С.М. Корошова, А.Ч.Азаматова, Б.А.Кулмановалар иштеп келишүүдө. Мектеп төмөндөгү эл аралык кызматташтык долбоорлор менен иш алып барып келет. 1998-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектепте “Жаш экологдор” долбоору иштеп келет. 2008-жылдан баштап Германия техникалык кызматташтык борбору менен иш алып баруунун жыйынтыгында  технология, эмгекке үйрөтүү, физика, химия предметтик кабинеттери тиешелүү эмеректер менен жабдылган. 2011-2012-окуу жылында мектепте кечки сырттан окуу классы ачылган. Аталган класста 10-11-класстар гана 4 күндүк окуу күнүндө билим алып келишет. Негизинен кечки сырттан окуу классындагы окуучулар күндүз иштешип кечкисин саат 17 00дөн 20 00 гө чейинки убакта окушат. 2014-окуу жылынан тарта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дене тарбия, спорт жана туризм боюнча пилоттук мектеп болуп иш алынып барылып келет, жетекчиси У.С.Джумагулов.               2015-жылдан баштап Р.Отунбаева жетектеген Эл аралык “ЭКО” долбоору боюнча биология мугалими А.Н.Джусупова  жетектеп келүүдө. “Көп тилдүүлүк” долбоорунун негизинде 8 пилоттук класста 19 мугалим эмгектенип келишет. Максаттуу тилибиз орус тили болгондуктан, орус тилине басым жасалып, жумушчу топтогу мугалимдерибиз жогорку деңгээлде мектеп ичинде, райондо мыкты сабактарын өтүп келе жатышат. Аталган мектепте 104 мугалим, анын ичинен жогорку билимдүү мугалимдердин саны- 97,  атайын орто билимдүү мугалимдердин саны-7, пенсия жашында- 6, 5 жылга чейинки эмгек жолундагы жаш мугалимдердин саны- 27, магистр билими бар мугалимдердин саны-7, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин ээлери -19 мугалим. 2015-2016-окуу жылынан баштап кореялык борбор менен иш алып барылып, 40 окуучу акысыз корей тилин мектепте окушат. Тиешелүү китептери, эмеректер корей кызматташтык борбору тарабынан каржыланып турат. Мектептин материалдык-техникалык базасы – 1 компьютер класс, 7 принтер, 4 ноутбук,    15 телевизор, 5 даана заманбап интерактивдүү доска, 2 даана музыкалык аппарат, 2 магнитофон, 2 кичи жана чон спорт залыбыз керектүү спорт жабдыктар менен жабдылган. Жогорку тажрыйбалуу мугалимдердин чыгармачыл эмгегинин натыйжасында мектеп ичинде, райондо, шаарда, республикада окуучуларыбыз ар тармактан өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп келишет. Мындан сырткары 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча класстар ачылып, 2019-жылга чейинки аралыкта иш алынып барылган. Ата-энелер коомдук фонду тарабынан мектептин муктаж болгон зарылчылыктары камсыздалып келет. Анткени Ала-Тообуздун эли абдан активдүү, мектеп менен жогорку байланышта иш алып барат. Учурда 220 окуучуга ылайыкташтырылган  мектептин эски имаратында 945 окуучу, ал эми 550 орундуу жаңы имаратында башталгыч класстар 1091  окуучу,  жогорку класстар 2348окуучу,  жалпы 4384 окуучу билим алып жатышат. Окуучуларга сабак эки тилде жүргүзүлөт. 6-класстан 9-класска чейин орус класстарыбыз бар.