Программалык аккредитация

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

 

                                      Программалык аккредитация

“ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО”

 

  Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

 

Программалык аккредитация

Программалык аккредитация

Программалык аккредитация                                                                                                                                                                                

 

Программалык аккредитация

Киришүү

Мектеп директору: Исраилова Алмагул Нурбековна

Телефон : +996 (312) 88 21 35

Моб.тел :+996(550069755)

Электрондук дареги: [email protected] 

 

Мектептин сайты: www.82.edubish.kg

Жайгашуу орду: Бишкек шаары, Ленин району, Ала-Тоо  конушу, 51/1 . 

           Уюштуруу – укуктук формасы: муниципалдык жалпы билим берүү мекемеси

Өздүк формасы: муниципалдык мекеме

Билим берүү мекемесинин аталышы:  №82 жалпы билим берүү орто  мектеби

Салык төлөө боюнча идентификациялык номер (ИНН): 41009200310185

Каттоо номери: 15122022

ИУЖК коду (Код ОКПО) юридикалык жак: 23358773

Юридикалык жактын биринчи  катталган  күнү: Бишкек шаары, 10.09.2003-жыл.

Юридикалык жактан кайрадан катталган күнү:  Бишкек шаары, 2022-жылдын 15-декабрь

ГПЮ сериясы: №  0057437

 

Кыскача маалымат:

Мектептин курулган жылы: 1996-жылы 3-сентябрда башталгыч мектеп катары ачылган, алгач 205 окуучу билим алган. 1998-жылы 1-сентябрда кошумча 5 класс, андан соң 2012-жылы 1-сентябрда мектептин кошумча имараты ачылган. Ал эми 2015-жылдын 20-март күнү мектептин эки кабаттуу жаңы имараты ишке берилген. 

Имараттын сыйымдуулугу: 550 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда мектепте 4401 окуучу билим алат. 

Окутуу тили: кыргыз, орус.

Иштөө режими:  1-нөөмөт 8:00-13:00, 2-нөөмөт 13:30-18:30

Акыркы жолу аккредитациядан өткөн жылы: 2017-жылдан 2023-жылдын 9-январына чейин 5 жылдык мөөнөттө.

Мектептин эски имараты  бир кабаттуу, сыйымдуулугу 320 окуучуга ылайыкташтырылган, 14 окуу кабинети, 5 тайпалык кабинеттер жана спорт залы бар.  Жаңы имараты 2 кабаттуу, 36 окуу кабинети, 14 тайпалык кабинеттер, 333 орундуу жыйындар залы, 70 орундуу конференциялык зал, спорт залы жана 120 орундуу ашкана бар.

Жалпы билим берүү орто мектебинин миссиясы:

Дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, мекенчил, физикалык жактан өнүккөн, информациялык технологиялар жана рынок шартында жашоого жөндөмдүү, коммуникативдик маданиятка ээ, негизгиси мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу.

Мектептин негизги усулдук  темасы: “Инсандыкка багыттоо менен окутуу-тарбиялоо процессин гумандаштыруу.

Жетишкендиктер:

 Мектеп төмөндөгү эл аралык кызматташтык долбоорлор менен иш алып барып келет.

2015-жылдын 20–март күнү мектептин жаңы имараты ишке берилген. Бүгүнкү күндө 550 орундуу мектептин жаңы имаратында-4401 окуучу, анын ичинен башталгыч класста-2046 окуучу билим алууда. Жалпы 102 класс комплектиленген.

Окуучуларга сабак 2 тилде жүргүзүлөт. 5-класстан 9-класска чейин орус класстарыбыз бар.

2011-2012-оку жылында мектепте кечки сырттан окуу классы ачылган. Аталган класста  10-11- класстар гана 5 күндүк окуу күнүндө билим алып келишет. Учурда 2 класс комплектиленген, жалпы-61 окуучу билим алып келет.

Аталган мектепте 154 мугалим эмгектенет, анын ичинде магистр билими боюнча 9, жогорку билимдүү мугалимдердин саны 113, бакалавр багытында 18, атайын орто билимдүүлөр 11, бүтпөгөн жогорку билимдүүлөрдүн саны 3, билим берүүнүн  мыктылары-25 мугалим.

Мектеп төмөндөгү эл аралык кызматташтык долбоорлор менен иш алып барып келет. 1998-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектепте жаш экологдор долбоору иштейт. 2008-жылдан баштап Германия техникалык кызматташтык  борбору менен иш алып баруунун жыйынтыгында технология, эмгекке үйрөтүү, физика, химия предмети кабинеттери тиешелүү эмеректер менен жабдылган.

2014-окуу жылынан тарта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дене тарбия, спорт жана туризм боюнча пилоттук мектеп болуп иш алынып барылып келет. Жетекчиси У.С. Джумагулов.

2016-жылы “Жылдын мыкты жалпы билим берүү орто мектеби” аталып, 1- орунду багындырган.

Спорттук иш чараларда активдүү катышуунун натыйжасында 2019-жылы “Жылдын мыкты спорттук мектеби” наамына татыктуу болгон.

2022-жылы “Жылдын мыкты жалпы билим берүү орто мектеби” аталып, 3-орунга татыктуу болду.

“Мектептер 2030” долбоору менен 2021-2022-окуу жылынан баштап иштеп келүүдөбүз.

Мектеп окучуларды ар тараптан өнүктүрүү  максатында “Окуу керемет” долбоорунда 1- орунду камсыздап, SHIS GREAT долбоорунда жогорку класстын окуучулары 1-орунду багынта алышты. Андан сырткары “Кыздар илимде долбоору менен тыгыз иш алып барып жатабыз.

Мектептин эски имараты “Арис” программасынын Дүйнөлүк банк жана Швейцария өкмөтүнүн экономика иштери боюнча секретариаты тарабынан каржыланган “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында мектептин энерго натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тыгыз иш алып барып, 2022-жылдын 7-сентябрында толугу менен бүткөрүлүп ишке берилди.

Бүгүнкү күндө 3 кабаттуу мектептин кошумча имаратын куруу аракеттери жүрүп жатат. Тиешелүү кагаздарга кол коюлду.

Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана далилдөө

  • БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН  МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

 

Өзүн-өзү баалоонун критерийлериБилим бepүү мекемесинин өзүн-өзү баалоосу  Тастыктоочу база
1.1Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүОкуу планы мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы  № 1529/1 буйругу жана сырттан окутуу түрү боюнча 2022-жылдын 8-сентябрындагы №1737/1 буйругу менен бекитилген базистик окуу планына ылайык түзүлгөн. Окуу планында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин окуу китептери менен окуу колдонмолорун пайдалануу каралган.

 

Билим берүү программалары

 

-негизги жалпы билим берүү;

-жалпы орто билим берүү

 

Окуу-тартибине  ылайык, сабактар 45 минутадан, 5 минуталык тыныгуу менен өтөт.

Эс алуу күндөрү Базистик окуу планынын түшүндүрмө  катынын негизинде коюлган. Программалар, окуу китептери, текшерүүчү дидактикалык материалдар, усулдук адабияттар, тематикалык иш-чаралар окуу планына, билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү минимумуна, окутуунун сапатынын жыйынтыгына, окуучулардын өнүгүүсүнүн  деңгээлине жана психологиясына дал келет. Календарлык-тематикалык пландар ар бир предмет боюнча стандартка ылайык усулдук бирикменин  №1 протоколунда каралып, бекитилген.

Мектептин УСТАВы https://82.edubish.kg/ 

Күбөлүк  https://82.edubish.kg/ 

Мамлекеттик акт https://82.edubish.kg/

Окуу тартиби

Сабактын жүгүртмөсүнүн жобосу

Сабактын мөөнөтү жана жүгүртмөсү

Базистик окуу план:

Базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө буйрук

2017-2022 окуу жылдарына базистик окуу планы https://82.edubish.kg/ 

Билим берүү уюмунун башкарууну жөнгө салуучу ченемдик, укуктук актылар

Мектеп компоненти үчүн берилген анализи

Класстардын комплектилениши:

2017-2022 окуу жылдарындагы окуучулардын  комплектилениши https://82.edubish.kg/

 

-Класстардын комплектиленишинин 5 жылдык  анализи https://82.edubish.kg/

Окуу сааттарынын торчолору:

2017-2022 окуу жылдарындагы сааттардын бөлүнүшү https://82.edubish.kg/ 

 

2019-2020-окуу жылындагы үйдөн окутуунун окуу планы https://82.edubish.kg/

Штаттык жүгүртмө жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

 

Штаттык жүгүртмө https://82.edubish.kg/

 

 

 

1.2Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүОкуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына ылайык китепкана иш алып барат.

Ата-энелерге “Жаңы китеп” боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө толугу менен ылайык келет.Усулдук  колдонмолор, дидактикалык материалдар жетиштүү деңгээлде. Окуучулар ата-энелер тарабынан  да  окуу китептери менен  камсыз болуп турушат.

Стандарттык билим берүү программалары, окуу планы, КТП, сабактардын пландары мамлекеттик стандартка дал келет

Окуу тарбия иштери:

Мектептин жылдык планы https://82.edubish.kg/

Окуу тарбия иштеринин планы https://82.edubish.kg/ 

Мектептин өнүгүү планынын жобосу https://82.edubish.kg/

Мектептин өнүгүү планы  https://82.edubish.kg/

2017-2022  окуу жылдарына карата өнүгүү программасынын жыйынтык анализи

2022-2023-окуу жылынын 1_жарым жылдыктагы аткарылган иштердин протоколу

ОТИ жарым жылдык отчет 2022-2023-окуу жылы

 

Мектептин ички көзөмөлү:

Мектептин ички көзөмөлдүүлүгү жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Мектептин ички көзөмөлдүүлүк планы https://82.edubish.kg/ 

Ички көзөмөлдүүлүктүн жүргүзүлүшү боюнча маалымат https://82.edubish.kg

2022-2023-окуу жылындагы башталгыч классынын 1-жарым жылдык отчету

Кыргыз тили жана адабияты предметинин 5 жылдык билим сапатынын анализи

2018-2023- жыл ичиндеги билим сапатынын көрсөткүчү

Аралыктан окутуу шартында окуу пландын аткарылышы

Чейрек ичиндеги өздөштүрүү боюнча отчет

Класс жетекчилерди дайындоо:

Класс жетекчилерди дайындоо https://82.edubish.kg/

Класстык саат жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Ата-эне жана тарбиянын 7 багыты https://82.edubish.kg/  

Наркотикага каршы күрөшүhttps://82.edubish.kg/ 

Усулдук бирикме иштери:

Усулдук бирикме жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

Ийрим иштери:

Ийрим жетекчилерин дайындоо https://82.edubish.kg/

Ийримдердин иш планы https://82.edubish.kg/

Баскетбол,футбол боюнча ийриминин иш планы Джумагулов У.У. 

Стол тениси ийриминин иш планы Сартов М.С.

Жаш аймак таануучу туристтер Джумагулов У.У.

 Актердук чеберчилик ийриминин иш планы Марсбек кызы Сезим

Кол өнөрчү ийриминин иш планы Макеева Ш.Т.

        Мектеп долбоорлору:

Окуучулардын илимий иштери жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

“Мектеп 2030” долбоорунун буйругу

“Мектеп 2030” долбоору

“Окуу керемет” долбоору протокол

 “Окуу керемет” долбоору

“SHEA*s GREAT” долбоору

Предметтик стандарттарт:

Мамлекеттик билим берүү стандартынын жалпы жобосу https://82.edubish.kg/

Предметтик стандарт  https://82.edubish.kg/

Календардык тематикалык план:

Календарлык жана тематикалык пландоо жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

Математика предмети боюнча календардык тематикалык планы https://82.edubish.kg/ 

Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча календарлык тематикалык план https://82.edubish.kg/ 

 

 

1.3Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине,анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушуМектептин китепканасынын фонду жалпысынан 38115 китепти түзөт.

Анын ичинен: 31315 окуу китеби

Мектептеги кыргыз класстары үчүн берилген китептердин саны- 28592, пайыздык көрсөткүчү  81,3% китеп менен камсыз болсо, орус класстары 2723 70% камсыз болгон.

Жыл сайын окуу китептери менен жаңыланып, толукталып турат.

Жетпеген окуу китептери ата-энелер тарабынан жана ар кандай иш чараларды акын, жазуучулар менен уюштуруу аркылуу да  толукталып келет.

-Электрондук китепкана аркылуу жетишпеген китептерди окуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

 

Китеп кана боюнча маалымат:

№82 мектептин китепкананын жобосу https://82.edubish.kg/. 

Китеп кананын планы https://82.edubish.kg/ 

Китепкананын китеп фондун толуктоо ишинин 5 жылдык анализи https://82.edubish.kg/

Китеп кананын отчету (кыргыз класс) https://82.edubish.kg/ 

Китеп кананын отчету (орус класс)

Китеп боюнча стат маалымат (кырг класс)

Китепкананын 2018-2022-жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча отчет талдоосу

2019-2022-китепкананын жылдык иш пландын негизинде аткарылган иштери боюнча анализи

2021-2022 китепкананын жылдык иш пландын негизинде аткарылган иштери боюнча анализи

Китепкана сүрөттөрү

“Мектеп китепканалары элдик чыгармачылыкты жана маданий мурастарды пропагандалоодо” конкурсунан шаардык сынактан 1-орун алып, сыйлыкка ээ болгон.

Конкурстан кыскача видео

Китепканасынын китеп фондун толуктоо ишинин 5 жылдык анализи

Электрондук китепкананын шилтемеси  https://82.edubish.kg/                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    

 

1.4Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлө

рүн жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу

Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптар менен китепкана биргеликте келишимдерди түзүшкөн.1.Эмгек таритибинин ички эрежелери:

Ички эмгек тартиби жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

Административдик контролдук иштерди жүргүзүү жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

Эмгек тартибинин ички эрежелери https://82.edubish.kg/ 

Мектептин 2022-2023 окуу жылындагы иштөө тартибин  бекитүү жөнүндө буйрук

2.Жамааттык келишим:

Жаматтык келишим https://82.edubish.kg/

3.Артыкчылык аттестат күбөлук боюнча маалымат:

Билим тууралуу документтерди толтуруу, сактоо, тапшыруу тартиби жөнүндө жобо 

9-11-класстарынын артыкчылык аттестат күбөлүк алуусу боюнча маалымат

Аттестат, негизги билими тууралуу күбөлүктөрү боюнча анализ

4.Өзүн-өзү башкаруу уюму:

Өзүн-өзү башкаруу уюму жөнүндө жобо

Өзүн-өзү башкаруу уюму иш маалымат

Күчтүү жактары: Билим бepүү максаты жана милдеттери мамлекеттик стандартка жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө  ылайык келип, бардык талаптарга жооп берүүсү;

-Окуу программаларынын окуу-тарбия процессинде үзгүлтүксүз ишке ашырылышы;

-Педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуусу жана чыгармачылык менен изденүүсү;                                                                              

-Окуучулардын толук билим алуусуна толук шарттардын түзүлүшү;                  -Кызыкдар тараптардын маалыматтык коопсуздук  боюнча түшүнүктөрүнүн болушу;

-Методикалык колдонуулардын электрондук варианттары менен аз да болсо мугалимдердин камсыз болушу.

Алсыз жактары:-Ички-сырткы миграциянын көбөйүшү;

-Социалдык жактан коргоого муктаж окуучулардын көбү;

-Лаборатордук иш жүргүзүүгө керектүү каражаттардын аздыгы.

  • КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО
2.1Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушуМектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан билим берүү программаларынын алкагында иш алып барат. Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна багытталган. Билим берүүнүн  сапатын арттыруу максатында тажрыйбалуу мугалимдер иштеп чыккан программа, пландарынын негизинде иш алып барышат.Мектептин усулдук бирикмелеринин пландарына ылайык иш жүргүзүлөт.Максаттар жаңы стандартта окуучуга окуу чөйрөсүн уюштурууга, окуучунун өз алдынча изденүүсүнө,өз алдынча иштөөсүнө багытталган.Жаңы стандарттын негизинде “Предметтик стандарттын талаптарына ылайык сабактарды пландаштырылат. 

1.Сабактын планы:

Сабактын план конспекти жазуунун Жобосу 

Ачык сабакты өтүү жөнүндө Жобосу

География сабагынын планы  Кубандыкова Г 

Химия сабагынын планы Жолдошева Г.

Физика сабагынын планы Муканбетова А.

География сабагынын планы  Кубандыкова С. 

Англис тили сабагынын планы Айтбаева К. 

Биология сабагынын планы Джусупова А.

2.Ачык сабактар:

Ата-эне жана тарбиянын 7 багыты https://82.edubish.kg/  

Наркотикага каршы күрөшүhttps://82.edubish.kg/ 

Адеп сабагы  https://82.edubish.kg/

Сынык сызык https://82.edubish.kg/

Тамганы камтыган туюнтмаларга карата мисал иштөө Бекташова С.А.

“Акылман жана көпөлөк” Табалдиева Г.А.

Мугалимдин өздүк  анализи:

Мугалимлин өздук анализи

Мугалимдин өздүк анализи 1 

Мугалимдин өздүк анализи 2

Сабакка катышуу анализи:

Өз ара сабакка катышуу анализи

Окуу бөлүмү алдындагы кеңешмеси:

Окуу_бөлүмүнүн_алдындагы_кеңешмесинин_ПРОТОКОЛУ №1

 

 

2.2Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонууМектептин билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим берүү максаттары иштелип чыккан. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу окутуу процессин активдештирүүгө, сабактын темпин жогорулатууга, окуучулардын өз алдынча жана жекече ишинин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Инсандын өз алдынча өнүгүүсүн камсыз кылат, окуучунун мотивациясын күчөтөт, ой жүгүртүү ишин активдештирет, окуучулардын коммуникативдик жана маалыматтык компетенциясын калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Окутуу-тарбиялоо процессинде ар кандай инновациялык технологияларды колдонуу жана билүү замандын талабы. Ошондуктан, биздин мектептин мугалимдери да жаӊы технологияларды колдонуу менен сабактарды өтүүдө. Мектептин география мугалими Корошова С.М. онлайн телесабактарды (ЭЛТР жана Билим каналдарында) өттү. Заманбап технологияны өздөштүрүү аракетинде, ошондой эле тажрыйба алмашуу максатында ар түрдүү методикалык окуулар уюштурулуп турат.

 

Мугалимдер окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуп сабак өтүшүүдө. Аралыктан окутуу учурунда мултимедиалык программаларды (WhatsApp, Google Meet, Zoom, Classroom, Telegram, Learning Apps,Bandigam,Uchi.ru) колдонуу менен сабак өтүштү.Онлайн тесттер Google classrum аркылуу администрация тарабынан системалык түрдө алынды.

1. Мугалимдердин жана окуучулардын компьютер колдоно билүүсү:

Мугалимдердин жана окуучуларынын компьютердик сабаттуулугу боюнча мониторингги

2. Мугалимдердин видео сабактары: 

География сабагы, мугалим Корошова Саткынай https://82.edubish.kg/

География 9-класс Корошова Саткынай https://82.edubish.kg/ 

География сабагы, Корошова Саткынай https://82.edubish.kg/

Мекен таануу сабагы,  мугалим  Абдувалиева Айнура https://82.edubish.kg/ 

Окуучулардын чыгармачылыгы:

“Кыргыз жеринин жаратылышы” дилбаян 9-г классынын окуучусу  Бексултанова Альбина

“9-май Улуу Жеңиш күнү” куттуктоо видео

“Кыргыз тил” 9-класс  (кайтарым байланыш)

“Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунун катышуучусу Мурзаканова Салтанат Дүйшөналиевна

“Ээр каптоонун ыкмалары” (технология сабагы)

Аралыктан окутуудагы видео отчет

 

2.3Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым механизминин болушуБилим берүүнүн стандарттык талабына ылайык окутууну баалоодо жана корректирлөөдө баалоонун түрлөрү колдонулат (критерий, көрсөткүч, ички баа берүү, сырткы баа берүү, мониторинг, байкоо жүргүзүү, маектешүү, өзүнө баа берүү, маалыматтарды чогултуу). Мектептин директору, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жылына өзүн-өзү баалоо максатында мониторингдер жүргүзүлүп турат. Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу жана бири-бирин баалоосун колдонуу ар бир сабакта пайдалануу сунуш кылынат жана практикада колдонулуусуна көзөмөл жүргүзүлөт. Мектепте кайтарым байланыштын төмөнкү формалары каралган: фронталдык сурамжылоо, байкоо, суроо-жооп, тестирлөө, зачет, өзүн-өзү баалоо, практикалык иштер, лабораториялык иштер. Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы окуу бөлүм башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп, конкреттүү сунуштар берилет. Мектепте андан кийинки талдоо менен сабактарга өз ара катышуу жүзөгө ашырылат, педагогдордун өзүн-өзү баалоо формалары колдонулат.1.Окутууну баалоодо жана коррективкалоодо кайтарым механизминин болушу:

1.Окуутуну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым механизми https://82.edubish.kg/

 

2.  Ата-энелер чогулушу боюнча маалыматтар:

Ата-энелер комитети  жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Ата-энелер менен түзүлгөн келишим https://82.edubish.kg/ 

Ата-энелер чогулушунда берилген жалпы маалымат https://82.edubish.kg/ 

Ата-энелер чогулушунун протоколу https://82.edubish.kg/

2.4Билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системанын болушуБилим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктери  баалоонун ведомосттору уюштурулган. Окуучулардын жазуу жана оозеки иштеринин негизинде чейректик жана предметтер боюнча мониторингдер жүргүзүлүп турат. Мектеп ичинде чейректик баалар, жазуу иштери, тесттердин жыйынтыгы боюнча отчеттор кабыл алынат, мониторинг жүргүзүлүп, салыштырылат. Ар бир мугалим алдына  коюлган талаптары жана милдеттери аркылуу окуучулардын керектөөлөрүн канааттандырат. Алган билимдерин чейректик, жылдык баа аркылуу баалайт. Бардык  класстагы окуучулардын жетишүүсү боюнча  мугалимдердин педагогикалык, өндүрүштүк кеңешмелеринде талкуу жүргүзүлөт. Сабакта жетишпеген окуучулар менен атайын түзүлгөн иш-пландын негизинде иш алып барылат. Зээндүү жана таланттуу балдар менен да өзүнчө иш алып барылат. Билим берүү башкармалыгы тарабынан предметтер боюнча билим кесилиши график менен планга коюлуп, учурунда алынып турат.Билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы  жетишкендиктерди баалоонун обьективдүү жана ачык айкын системанын болушу.

Билим берүү сапатын жогорулатуу жобосу https://82.edubish.kg/ 

 

2021-2022-окуу жылына карата жыйынтык баракча https://82.edubish.kg/ 

 

2.5Окуучуларды баалоонун  колдонулуучу эрежелери, жол жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушуМамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына даярдык апрель айынан башталат. ЖМАны өткөрүү жол- жоболору мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар үчүн атайын уюштурулган стендде илинет. Мектеп-2018-жылы аккредитациядан шарттуу түрдө беш жылга өткөн.  Билим берүүнүн сапатын баалоо системасын ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө мониторинг, жылдык отчеттор аркылуу маалымат берилет. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол жоболору жана жыйынтыктары ошондой эле аларды кайра кароонун жол жоболору жөнүндө маалымдоо системасы толук жеткирилген. Баалоодо, диагностикалык, формативдик, жана жыйынтыктоочу баалоолор колдонулат. Ошондой эле окуучулардын билим сапаты, жетишүүсү дайыма өндүрүштүк, педагогикалык кеңештерде каралат, жыйынтык чыгарылып, талданат.Окуучулады баалоонун колдонулуучу эрежелер жана жоболор:

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо тутуму жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө  жобо https://82.edubish.kg/ 

Күндөлүк жүргүзүү, толтуруу  жана текшерүү жөнүндө жобо  https://82.edubish.kg/

Билим сапатын аныктоочу диагностикалык текшерүү ишинин жыйынтыгы https://82.edubish.kg/

Удаалаштык боюнча алынган билим кесилиштер https://82.edubish.kg/

Мектеп олимпиадасы: 

Мектеп ичиндеги предметтик олимпиаданын жобосу 

Мектептеги өткөрүлгөн олимпиаданын жүрүшү боюнча  маалымат

Мектеп олимпиадасынын жыйынтыгы

Билим кесилиштер:

ББ тарабынан алынган билим кесилиштери(башталгыч класстар)

Мектеп_ичинде_башталгыч_класстардын_билим_кесилиши_боюнча_маалымат

2.6Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден- соолукту сактоочу ыкмаларды колдонууМектептеги билим берүү  кызматтарынын натыйжалуулугу ар бир класста өткөрүлгөн  ата-энелер чогулушунда жана жалпы ата-энелер чогулушунда талкууланат. Мектепте окуп жаткан окуучулардын социалдык абалы анализденет жана ошол боюнча соц.педагог тарабынан  иштер аткарылат.

Мектеп окуучуларынын өмүрү жана ден соолугунун коопсуздугу үчүн мектепте күндүзгү күзөтчү жана дежур мугалим иш жүргүзөт. Окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн видео камералары  орнотулган. Дааратканалар иштейт. Мектептин айланасын жашылдандыруу ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер тарабынан жылына ишке ашырылып турат. Мектеп окуучуларынын тамактануусу, жарык берүү, жылытуу жана желдетүү боюнча санитардык-гигиеналык нормалары талапка ылайык сакталган.

 

Окуучулардын физикалык активдүүлүгү үчүн атайын спорт аянтчалары, спорт залдар бар.

 

Мектеп интернет тармагына кошулган жана окуучулардын маалымат издөөсү үчүн шарт каралган.

 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн эки корпуста тең пандустар орнотулган.

1. Тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын жасаган иштери жана планы:   

Окуучулардын жалпы жүрүм-турум эрежелери жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Окуучулар ортосундагы  чырчатак арыздануу кароо жобо

Окуучулар ортосунда пайда болгон маселелердин каралышы жөнүндө жобо

Окуучулар ортосундагы пайда болгон маселелердин каралуусу жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

Жол кырсыгын алдын алуу боюнча иш пландар

Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу жөнундө жобо

Өрт коопсуздугунун эрежелери

Эвакуация планы 

Укук бузууларды алдын алуу

Укук бузуучулукту алдын алуу кеңешмесинин протоколу №3

Укук бузуучулукту алдын алуу кеңешмесинин Протоколу №4

Жугуштуу ооруларга каршы курөшүүгө карата иш планы

Ден соолук күнүн өткөрүү жөнүндө буйрук

Тарбия иштери боюнча 2022 -2023-окуу жылынын отчету

Окуучуларды аскерге даярдоо боюнча:

Аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө жобо 

2.  Сабакка келбеген окуучулар менен иш алып баруу: 

Сабактан көп калган окуучулар боюнча иш алып баруу

 

3. ИДН иштери:

ИДНдин жасаган иштери https://82.edubish.kg/ 

 

4. Соцпедагогдун иштери: 

 2021-2022-окуу жылынын  социалдык паспорту

2022-2023-окуу жылынын  социалдык паспорту

Соцпедагогдун жылдык иш планы

Соцпедагогдун жасаган жылдык отчету

Социалдык шарты оор балдар менен иштөө кеңешмеси Протокол №1

Соцпедагогдун 2022-2023-окуу жылынын отчету

Социалдык педагогдун 2022-2023-окуу жылынын ишинин салыштырмалуу анализи

5. Психологиялык кызмат:

Арыз,даттануулар жана аппеляцияларды кабыл алуу

Психологиялык кызматтын жылдык иш планы 

Психологиялык талдоо, адаптация

Психологдун укуктук статусу жобо

Ишеним кутучасынын жобосу

Мугалимдерге тренинг “Бош калган колдор”

 

 

2.7Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын  натыйжаларынын динамикасыУлуттук тестирлөө борбору тарабынан 9-10-11-класстарына тест жүргүзүлөт. Жыйынтыгы менен окуучуларды тааныштырып, өндүрүштүк кеңешмеде билим сапаты төмөн болгон сабактарды  предметтик мугалимдерге тааныштырып, сапатты көтөрүү боюнча  иш жүргүзүүсү милдеттендирилет жана көзөмөлгө алынат. Билим сапаты төмөн болгон предметтик мугалимдерге, начар өздөштүргөн окуучулар  менен иштөөсү администрация тарабынан көзөмөлгө алынат.

Окуучулардын билимдерин баалоо үчүн  предметтер боюнча билим кесилиши алынат, жазуу иштери чейрек боюнча алынып, салыштырылат. Ал эми предметтер боюнча жана параллель класстардын билим сапаты дагы учурунда бааланып, мониторинг чыгарылат.

 

Алдыда келе жаткан окуу жылдарга окуучулардын тышкы баалоосуна өзгөчө көңүл буруу пландалууда. Ички  баалоонун жыйынтыгы менен мугалимдер эмненин үстүнөн иш жүргүзүүнү  анализ кылышат.

 

 

1. Мониторинг:

2022-2023 окуу жылынын 1-чейрек боюнча 5-11 кл катышуу  мониторинги

5-жылдык билим сапатынын мониторинги

Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

2018-2022-окуу жыл ичиндеги билим сапатынын көрсөткүчү https://82.edubish.kg/

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарыhttps://82.edubish.kg/ 

Аттестат күбөлүктөр тууралуу маалымат https://82.edubish.kg/

Химия предметинин  мониторингиhttps://82.edubish.kg/ 

Англис тили предметинин  мониторинги https://82.edubish.kg/ 

География предметинин мониторинги https://82.edubish.kg/ 

Химия, биология предметтеринин мониторингиhttps://82.edubish.kg/ 

Мектеп олимпиадасы: 

Мектеп ичиндеги предметтик олимпиаданын жобосу 

Мектеп олимпиадасынын жүрүшү боюнча  маалымат

Мектеп олимпиадасынын жыйынтыгы

2. 2022-2023-окуу жылына карата сабактар боюнча сапат, жетишүүнүн пайызы: 

Окуучулардын илимий долбоордук иштери жөнүндө жобо  https://82.edubish.kg/

Апелляциялар жобосу https://82.edubish.kg/

Жыйынтыктоочу  мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы  https://82.edubish.kg/  

11_а_классынын_жыйынтыктоочу_мамлекеттик_аттестациясынын_ПРОТОКОЛУ

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы https://82.edubish.kg/

НЦТ боюнча маалымат https://82.edubish.kg/

Окуучуларды класстан класска көчүрүү жана аттестацияны уюштуруу жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

3. Сабактар боюнча сапаттын пайыздык көрсөткүчү:

Билим сапатынын 5 жылдык көрсөткүчү https://82.edubish.kg/

Мыкты окуучулар менен өткөрүлгөн сынактын сценарийи https://82.edubish.kg/

 

 

2.8Кызыкдар  тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболордун болушуКызыктар тараптардын арыздарын каттоо менен алардын мүдөөлөрүн канааттандыруу үчүн мугалимдер жамааты менен биргеликте иш жүргүзүлөт. Мектепте окуучулардын арыздары (даттануулары), каалоо-тилектерди, билдирүүлөрдү салуу үчүн көрүнүктүү жерде “Ишеним кутучасы” ачылган. Бир жумада бир жолу ачылып, даттануунун мазмуну атайын журналга түшүрүлүп, директор алдындагы кеңешмеде каралып, анализ жүргүзүлөт, акт түзүлөт, жыйынтыгы чыгарылат. Ар бир окуучудан түшкөн каттар анонимдүү түрдө болот. Мектепте талаш-тартыштарды жөнгө салуучу комиссиясы түзүлгөн. Ал комиссияда каралган маселелер протокол менен бекитилет. Мектептин администрациясынын эшиги бардык окуучулар үчүн ачык. Ар бир окуучу кайсы учур болбосун мектептин бардык маселелери боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Окуучулар, ата-энелер же башка кызыкдар тараптар тарабынан даттануу же доомат коюлушу мүмкүн болсо, ал мектептин кезексиз педагогикалык кеңешмесинде каралат. Бир да кайрылуу көзөмөлсүз калтырылбайт.

Мектепте базистик окуу программасынын негизинде компотенттүү окутуу боюнча иш алып барат.

-Инновациялык технологияларды колдонуу менен сабактар өтүлөт.

1. Этика комисссясы:

Этика боюнча комиссия жөнүндө жобоhttps://82.edubish.kg/ 

2. Эмгек тартибинин ички эрежелери:

Мектепке кызматкерлерди жумушка кабыл алуу, бошотуу жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/ 

Педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик этика кодекси жобосу

Мугалимдердин этикасы жөнүндө https://82.edubish.kg/

 

Жамааттык келишимге тиркеме https://82.edubish.kg/

3. Жамааттык келишим:

Жамааттык келишим https://82.edubish.kg/ 

Профсоюз иштери:

Кесиптик бирлик иш планы, протокол

 Кесиптик бирлик тармагынан акыркы жыл ичинде эс алуу-дарылануу багытында протокол

Эмгекти коргоо боюнча макулдашуунун планы

Эс алуу мониторинги

 

Күчтүү жактары:-Окутуу жана тарбиялоо процесстеринде бардык талаптардын аткарылышы; -Кайтарым байланыш механизмдерини туура жүргүзүлүшү;                                   -Артыкчылыгы менен күбөлүккө жана аттестатка окуучулардын ээ болуусу”                                                                                                                             

  –  Мугалимдердин технологияларды  өздөштүрүүсү;          -Долбоорлор менен мектептин иш алып баруусу;

– Кайтарым байланыш механизмдеринин туура жүргүзүү менен жетишкендигин, кемчиликтерди табуу менен өз убагында иш алып баруу;

Алсыз жактары:-Окуучулардын социалдык коргоого муктаж окуучулардын көбү, жашоо шартынын начардыгы;

                                                                       

 

  • КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
3.1Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келишиМектеп-мамлекеттик программалар жана окуу-тарбия процессинин талаптары боюнча педагогикалык кадрлар менен толук камсыздалган. Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп, мектеп эсептелет. Бекитилген штаттык жүгүртмөнүн негизинде иш алып барылат. Кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы ар жыл сайын кызматкерлердин келип-кетүүсүнө жараша жаңыланып турат. Жыл сайын кызматкерлер тарификациядан өткөрүлүп турат.

Мектептин педагогикалык жамааты ынтымактуу жана иш билги, компетенттүү курамдан турат. Бардык мугалимдердин билим берүүгө уруксат берилген тастыктоочу диплому, билими жана окуучулар менен иштөөгө профессионалдык тажрыйбасы бар. Мектепте жалпысынан 154 мугалим эмгектенет. Администрация мүчөлөрүнүн саны – 11. Бардык мугалимдердин билими жетиштүү, өз предметин билет, технологияны өздөштүрө алышат. Кызматкерлерди жумушка кабыл алууда жана бошотууда Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде иш жүргүзүлөт.

 

Тарификация:

Тарификациялоо комисиясынын  буйругу https://82.edubish.kg/ 

Мугалимдедин билими туралуу маалымат https://82.edubish.kg/

Тарификация https://82.edubish.kg/ 

Мугалимдердин кесиптик адистиги:

Мугалимдердин кесиптикадистик адистиги  тууралуу маалымат

Мугалимдердин жана окуучулардын компьютердик сабаттуулугу боюнча

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсуна катышуусунун 5 жылдык салыштырмалуу анализи

Мугалимдердин беш жылдык кыймыл отчету:

Мугалимдердин беш жылдык кыймыл отчету https://82.edubish.kg/  

Мугалимдердин сандык-сапаттык курамы:

Мугалимдердин сандык-сапаттык курамы https://82.edubish.kg/

 

3.2Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол- жоболордун болушуМектепке билим процессинин катышуучуларынын коопсуздугун алдын алуу максатында 32 видео көзөмөл камералары коюлган. Мугалимдердин сабак өтүүсү, окуучулардын сабакка келип кетүү, катышуусу көзөмөлгө алынып турат.Мектеп дене-бой жана психологиялык жактан коопсуз чөйрөнү камсыз кылуучу механизмдер жана жол-жоболор орнотулган. Ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоо жана анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алуунун далилдери бар. Ар бир кабатта эвакуациялык пландар илинген. Ɵрт коопсуздугунун инструкциялары мектеп жамаатына тааныштырылат. Мектептин соц. педагогу жана психологу бирдиктүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүү менен иш алып барышат. Анкета алуу менен физикалык жана социалдык-психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кыла алышат. Психолог окуучулардын психологиялык жагдайын изилдеп, көйгөйлүү балдарды өзүнүн карамагына алып, иш алып барат.

 

Окуу кабинетинин жетекчисинин милдети:

Мектеп коопсуздугу боюнча жобо https://82.edubish.kg/ 

Окуу кабинети жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Окуу кабинеттеринин жетекчисинин милдети  https://82.edubish.kg/

Кабинеттин паспорту https://82.edubish.kg/

Информатика кабинетинин коопсуздук эрежелери https://82.edubish.kg/

Биология кабинетинин коопсуздук эрежелери https://82.edubish.kg/

Физика кабинетинин коопсуздук эрежелери https://82.edubish.kg/ 

 

 

3.3Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу мотивациялоо системасынын болушуМектеп-өз ишин компетенттүү персонал менен камсыз кылуу үчүн натыйжалуу кадр саясатына ээ.

Мектепте үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү иши жакшы жолго алынган. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү мугалимдердин педагогикалык компетенттүүлүк деңгээлин аныктайт.

 

Окуу жылынын башталышында атайын бекитилген графиктин негизинде мугалимдер квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Ар бир мугалимдин кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарттардын баары бар. Кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча КРнын ББИМ алдындагы РПККЖЖ жана КДИден билимин жогорулатып турушат.Жаңы келген жаш адистерге насаатчылар бекитилип, иш алып барылат. Мугалимдер 5 жылдык өнүгүү планынын негизинде иш алып барышат. Ар бир усулдук бирикмедеги мугалимдер мектептин проблемалык темасынын негизинде темаларын тандап алышып,окуучулардын билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу:

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу графиги, билимин көтөрүү сертификаттары https://82.edubish.kg/ 

Аралыктан окутууда семинардан көрүнүш

Дем берүүчү эмгек акы жөнүндө  https://82.edubish.kg/ 

Мугалимдердин сыйлык алуусу  боюнча маалымат

Жаш мугалимдерге насаатчылык бекитүү:

Насаатчыны бекитүү боюнча буйрук https://82.edubish.kg/

Насаатчылык боюнча жылдык иш план https://82.edubish.kg/ 

Насаатчы, жаш  мугалим планы https://82.edubish.kg/

  • МАТЕРИАЛДЫК ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
4.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын

(жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залдын болушу)

 

Билим берүү процессинин катышуучуларына:

  1. компьютердин саны-41 штук

2.проектор -8 шт

6.интерактивдүү доска-6 шт

4.телевизор- 18 шт.

5.Панель доска-1 шт

Интернет бардык  кабинетке тартылган.

6 интернеттик роутер бар.Баардык кабинетте интернет менен иштөө мүмкүнчүлүк бар.

Мектеп администрациясында 9 компьютер  6 принтер бар.Спорт залда: балдар жана кыздар үчүн кийинип – чечинүүчү бөлмө, баскетбол, волейбол, турник бар.Спорт аянтчасында: футбол, волейбол, баскетбол аянтчасы жана узундукка секирүү аянтчасы бар.

Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган.

Учурда мектеп талапка жооп берет. Кышкысын жылуу,  жарык балдар үчүн ыңгайлүү шарттар түзүлгөн. Жогорку билимдүү мугалимдер менен камсыз болгон. Материалдык базаны чындоонун үстүндө аракет кылуудабыз.

 

 

Мектептин 2 имараты бар, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн пандустар орнотулган. Ден соолугун кароо, көзөмөлгө алуу максатында медициналык кабинеттер уюштурулган жана жетиштүү жабдыктар менен жабдылган. 2 компьютердик окуу класстары, электрондук китепкана, физика, химия, биология лабораториялары бар.2 спорт зал, бий, күрөш, теннис, шахмат жана машыгуу залы бар.

Тамак-аш уюштурулуу жана материалдык-техникалык база:

Тамак-аш уюштуруу жөнүндө жобо https://82.edubish.kg/

Мектепте тамактанууну уюштуруу жөнүндө буйрук

Мектептин тех паспорту https://82.edubish.kg/

Ысык тамак боюнча  буйруктар https://82.edubish.kg/

Ашкана сүрөттөр

 

 

4.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык эпидемиологиялык гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана техникасынын эрежелери)Окуу имаратынын коопсуздугу,тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттардын аткарылышы, класстык бөлмөлөрдөгү нормага ылайык жылуулуктун болушу,желдетилиши,таза суу жана пандус менен камсыз болушу сыяктуу орчундуу маселелер Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык  эрежелер жана ченемдерге ылайык түзүлгөн №82 мектепте санитардык- эпидемиологиялык шарттарды сактоо жөнүндөгү ички эрежелери жана мектептин “Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо” боюнча усулдук колдонмосун жетекчиликке алуу менен жүргүзүлөт. Окуучулардын ден соолугун коргоо,жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн медсестра  менен бирдикте лекциялар окулуп,түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мектепте санитардык-эпидемиологиялыккызматтын жана гигеналык эрежелер жана ченемдер Билим берүү башкармалыгына келген буйруктар жана алгоритмдердин негизинде ишке ашырылат.

Өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча мугалимдерге, окуучуларга жана тех.кызматкерлерге нускаманын негизинде түшүндүрүү инструктажы өткөрүлөт, журналга кол коюлат.

Химия, физика, технология, информатика кабинеттеринде жана спорт залда окуучулар үчүн коопсуздук техникалык эрежелер өткөрүлүп, атайын журналдарга таанышкандыгы тууралуу колдору коюлат

 

 

Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо:

Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жобо https://82.edubish.kg/

СЭСтин актысы https://82.edubish.kg/

Өрт коопсуздугу https://82.edubish.kg/

Эмгекти коргоо жана коопсуздук актылары https://82.edubish.kg/

Окуу кабинеттердеги коопсуздук боюнча жобо https://82.edubish.kg/

Кабинеттердин паспорту https://82.edubish.kg/

Кышка даярдыкты күчөтүү жөнүндө буйрук

Окуучулардын коопсуздугу:

Мааламаттык коопсуздук жөнүндө жобо  https://82.edubish.kg/

Жарандык коргонуу боюнча Ленин району менен макулдашуу планы https://82.edubish.kg/

Балдардын укугун коргоо жөнүндө буйрук

Башталгыч класстарынын окуучуларын мектепке коштоп келүү

Жарандык коргонуу боюнча 2021-жылга даярдык планы  https://82.edubish.kg/

Тобокел тобундагы балдар үчүн колдонмо https://82.edubish.kg/

Эвакуацияны жүрүшү боюнча сценарий https://82.edubish.kg/

Жаранды коргоонун ар кандай коопсуздуктарда сак болуу эвакуация

Медайым иш план

Медициналык кабинеттин сүрөтү https://82.edubish.kg/

Корупцияга каршы иштер боюнча:

Корупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш чаралар 

Мектеп ичинде телефонду колдонууга чектөө киргизүү:

Мектеп ичинде байланыш телефондорун колдонууга чектөө киргизүү жөнүндө

4.3Материалдык –техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.Мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында негизги милдетти чарба башчысы аткарат. Системалуу планга ылайык иштер жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө мектептин эки имараты бар, окуучулардын жыл санап ички миграциядан улам көбөйүшүнөн кошумча  3-имаратын куруу ишине кол коюлуп,  иштер жүрүп жатат. Ата-энелер тарабынан түзүлгөн “Ийгилик деми” коомдук бирикмесинин демилгелүү тобу МТБны жакшыртуу, толуктоо максатында жардам берип турушат. Негизинен МТБны жакшыртуу максатында министрлик, жергиликтүү бюджеттен, долбоорлорго катышуу, шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу аркылуу да алгылыктуу иштер жасалып келет.

— Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлгөн.

— Мектепте санитардык жана гигиеналык нормалар сакталып жана көзөмөлдөнөт.

-Окуу класстары бөлүнгөн предметтер боюнча жабдылып  шкафтар коюлган.

-Маалымат ресурсун , интернеттин кеңири колдонулушу.

-Заманбап маалымат  технологиялардын жетишсиздиги  жана улам жаңылап,толуктап турууга каржылык мүмкүнчүлүктүн  жок болуп жатышы.

— Мектептин химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялык приборлор (демонстрациялык, иллюстрациялык) жетишсиздиги.

Өнүгүү программасы:

Чарба иштери боюнча директордун орун басарынын кызматтык милдети 

Материалдык-техникалык каражаттары боюнча маалымат https://82.edubish.kg/

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу планы-2018-2019 https://82.edubish.kg/

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу планы-2019-2020 https://82.edubish.kg/

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу планы-2020-2021 https://82.edubish.kg/

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу планы-2021-2022 https://82.edubish.kg/

Материалдык техникалык базаны өнүктүрүү боюнча иш планы

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча сүрөт отчеттор https://82.edubish.kg/ 

АРИС долбооруна кайрылуу иштери

АРИС долбоорунун проектиси

АРИС долбоорунун негизинде, эски корпусунун ремонт иштеринин жүрүшү

Ата-энелер коомдук бирикмесинин планы жана жыйынтыгы https://82.edubish.kg/

Инвентаризация https://82.edubish.kg/

Инвентаризация боюнча отчет https://82.edubish.kg/ 

Материалдык-техникалык база боюнча отчеттор https://82.edubish.kg/

Окуу кабинеттердин сүрөттөрү

Физика лабораториясы

Химия, биология лабораториясы

Мектептин жаңы, эски имаратындагы пандустар

Мектептеги чарба иштеринен сүрөттөр

Жыйындар залы сүрөттөр

Бий залы сүрөттөр

Спорт залы сүрөттөр

Ашкана сүрөттөр

Китепкана сүрөттөр

Шахмат залы сүрөттөр

Машыгуу залы сүрөттөр

Жалпы сүрөттөр

Маалыматтык бурчтар

Кошумча имараттын 2023 жылга карата куруу долбоору

Видео көзөмөл жөнүндө маалымат

Күчтүү жактары:-Жылдан жылга материалдык-техникалык базанын акырындан болсо да жакшырышы; 

-Интернет менен камсыз болушу;

– Мектептин спорт залынын ремонту;

 -Китепканага интернет жана компьютер, принтери менен камсыздалышы;

– Кошумча ресурстарды тартуу менен материалдык- техникалык базанын жаңыланышына аракеттерди көрүү;

Алсыз жактары:Материалдык -техникалык базанын жакшыртуусуна  демөөрчүлөрдүн аз болушу;

-Жылдан жылга мебелдердин иштен чыгуусу;

-Усулдук иштерди алып баруудагы системалуулуктун жоктугу, көзөмөлдүн алсыздыгы:

-Лабораториялык иштерди жасоого каражаттардын жоктугу.

 

Корутунду: Бишкек шаарындагы Ленин  районунун №82 жалпы  билим берүү орто мектеби окуу-тарбия процессин жүргүзүүдө билим сапатын жакшыртуу жана камсыздоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, финансылык ресурстарды колдонуу саясатын жүргүзүүдөгү иштердин багыттарынын ачык-айкындуулугун өзүн-өзү баалоо боюнча отчетунда карап чыгып, комиссия төмөнкү жыйынтыкка келди.

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга  программалык  аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.

 Комиссиянын тѳрайымы:

  1. Мектеп директору: Исраилова Алмагул Нурбековна 

Мүчѳлѳрү:

  1. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары: Кулманова Бурул Аскарбековна 
  2. Жогорку класстардын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары: Бейшебаева Айнура Токтогулвна
  3. Мектеп психологу – Табалдиева Гулзат Асанбековна
  4. Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:  Жапакова Назгүл Сабырбековна
  5. Математика мугалими – Турдукулова Зулфия Темиркуловна
  6. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Боронова  Замира Сапарбаевна