Окуучулар үчүн эреже

  • Окуучулар сабакка 15 минут эрте келиш керек.Окуучулар үчүн эреже
  • Көп кечиккен окуучу түшүндүрмө берүү үчүн мектептин администрациясына чакырылат.
  • Мектепте мектеп формасы: жогору жагы ак, төмөн жагы кара классикалык кийим же кочкул кызыл пиджактуу мектеп формасы.
  • Башка окуучулардын көңүлүн бурдурбоо максатында ар түрдүү кооздуктарды тагынууга, чачын жайып жүрүүгө тыюу салынат.
  • Дене тарбия сабагы үчүн спорт бут кийим жана костюм талап кылынат. Ансыз сабакка киргизилбейт.
  • Мектеп ичинде сырт кийим жана баш кийим менен жүрүүгө болбойт.
  • Сабак учурунда мектептен чыгуу класс жетекчи же администрациянын уруксааты менен гана чыгарылат.
  • Мектепке баалуу буюм, уюлдук телефон, көп суммадагы акча алып жүрүүгө болбойт, жоголгон учурда мектеп жооп бербейт.
  • Окуучуларга ширеңке, зажигалка, сайуучу, кесүүчү буюмдарды, газ балончигин, курал жана оюн картасын алып келүүгө тыюу салынат.
  • Мектепте сагыз чайнаганга жана наушник тагынып жүрүүгө тыюу салынат.
  • Окуучу сабак бүткөндөн кийин 20 минутта мектептин территориясынан чыгып кетүүсү жана үйүнө тез жетүүсү керек.
  • Сабак учурунда сырт кийимчен жана баш кийимчен отурууга болбойт.
  • 1-класстан баштап бардык окуучу класстык күндөлүк алып жүрүүгө милдеттүү.
  • Ооруп сабак калтырган окуучу ооругандыгы жана таза айыккандыгы жөнүндө дарыгерден уруксат справкасыз сабакка киргизилбейт.
  • Чаң менен жугуучу оорулардын алдын-алуу үчүн 3-сабактан кийинки чоң танаписте кабинетти суу тряпка менен сүрүп, терезени ачып желдетүү дежур окуучунун милдети.
  • Мектеп ичине киргенде баш кийимчен жүрүүгө тыюу салынат.
  • Окуучуларга уят сөздөрдү колдонууга жана сөгүнүүгө тыюу салынат.
  • Окуучулар мектеп буюмдарын сакташы жана коргошу керек, сындырып алган учурда чыгымды төлөөгө милдеттүү.
  • Окуучулар өрт коопсуздугунун жана техника коопсуздугунун эрежелерин сактоого милдеттүү.