Институционалдык аккредитация

Институционалдык аккредитация

 

“ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО”

Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

 

Институционалдык аккредитация

Институционалдык аккредитация

 

Институционалдык аккредитация

 

Институционалдык аккредитация

Киришүү

Мектеп директору: Исраилова Алмагул Нурбековна

Телефон : +996 (312) 88 21 35

Моб.тел :+996(550069755)

Электрондук дареги: [email protected] 

 

Мектептин сайты: www.82.edubish.kg

Жайгашуу орду: Бишкек шаары, Ленин району, Ала-Тоо  конушу, 51/1 . 

           Уюштуруу – укуктук формасы: муниципалдык жалпы билим берүү мекемеси

Өздүк формасы: муниципалдык мекеме

Билим берүү мекемесинин аталышы:  №82 жалпы билим берүү орто  мектеби

Салык төлөө боюнча идентификациялык номер (ИНН): 41009200310185

Каттоо номери: 15122022

ИУЖК коду (Код ОКПО) юридикалык жак: 23358773

Юридикалык жактын биринчи  катталган  күнү: Бишкек шаары, 10.09.2003-жыл.

Юридикалык жактан кайрадан катталган күнү:  Бишкек шаары, 2022-жылдын 15-декабрь

ГПЮ сериясы: №  0057437

 

Кыскача маалымат:

Мектептин курулган жылы: 1996-жылы 3-сентябрда башталгыч мектеп катары ачылган, алгач 205 окуучу билим алган. 1998-жылы 1-сентябрда кошумча 5 класс, андан соң 2012-жылы 1-сентябрда мектептин кошумча имараты ачылган. Ал эми 2015-жылдын 20-март күнү мектептин эки кабаттуу жаңы имараты ишке берилген. 

Имараттын сыйымдуулугу: 550 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда мектепте 4415 окуучу билим алат. 

Окутуу тили: кыргыз, орус.

Иштөө режими:  1-нөөмөт 8:00-13:00, 2-нөөмөт 13:30-18:30

Акыркы жолу аккредитациядан өткөн жылы: 2017-жылдан 2023-жылдын 9-январына чейин 5 жылдык мөөнөттө.

Мектептин эски имараты  бир кабаттуу, сыйымдуулугу 320 окуучуга ылайыкташтырылган, 14 окуу кабинети, 5 тайпалык кабинеттер жана спорт залы бар.  Жаңы имараты 2 кабаттуу, 36 окуу кабинети, 14 тайпалык кабинеттер, 333 орундуу жыйындар залы, 70 орундуу конференциялык зал, спорт залы жана 120 орундуу ашкана бар.

Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:

Дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, мекенчил, физикалык жактан өнүккөн, информациялык технологиялар жана рынок шартында жашоого жөндөмдүү, коммуникативдик маданиятка ээ, негизгиси мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу.

Мектептин негизги усулдук  темасы: “Инсандыкка багыттоо менен окутуу-тарбиялоо процессин гумандаштыруу.

2015-жылдын 20–март күнү мектептин жаңы имараты ишке берилген. Бүгүнкү күндө 550 орундуу мектептин жаңы имаратында-4415 окуучу, анын ичинен башталгыч класста-2046 окуучу билим алууда. Жалпы 102 класс комплектиленген.

Окуучуларга сабак 2 тилде жүргүзүлөт. 5-класстан 9-класска чейин орус класстарыбыз бар.

2011-2012-оку жылында мектепте кечки сырттан окуу классы ачылган. Аталган класста  10-11- класстар гана 5 кундүк окуу күнүндө билим алып келишет. Учурда 2 класс комплектиленген, жалпы-61 окуучу билим алып келет.

Аталган мектепте 154 мугалим эмгектенет, анын ичинде магистр билими боюнча – 9, жогорку билимдүү мугалимдердин саны – 113, бакалавр багытында – 18, атайын орто билимдүүлөр -11, бүтпөгөн жогорку билимдүүлөрдүн саны – 3, билим берүүнүн  мыктылары-25 мугалим.

Жетишкендиктер:

Мектеп төмөндөгү эл аралык кызматташтык долбоорлор менен иш алып барып келет. 1998-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектепте жаш экологдор долбоору иштейт. 2008-жылдан баштап Германия техникалык кызматташтык  борбору менен иш алып баруунун жыйынтыгында технология, эмгекке үйрөтүү, физика, химия предмети кабинеттери тиешелүү эмеректер менен жабдылган.

2011-окуу жылынан бер кечки (сырттан окуу) мектеби  иш алып барып, окуучулар билим алып келет.

2014-окуу жылынан тарта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дене тарбия, спорт жана туризм боюнча пилоттук мектеп болуп иш алынып барылып келет. Жетекчиси- дене тарбия мугалими  У.С. Джумагулов.

2016-жылы “Жылдын мыкты жалпы билим берүү орто мектеби” аталып, 1- орунду багындырган.

Спорттук иш чараларда активдүү катышуунун натыйжасында 2019-жылы “Жылдын мыкты спорттук мектеби” наамына татыктуу болгон.

2022-жылы “Жылдын мыкты жалпы билим берүү орто мектеби” аталып, 3-орунга татыктуу болду.

“Мектептер 2030” долбоору менен 2021-2022-окуу жылынан баштап иштеп келүүдөбүз.

Мектеп окучуларды ар тараптан өнүктүрүү  максатында “Окуу керемет” долбоорунда 1- орунду камсыздап, SHIS GREAT долбоорунда жогорку класстын окуучулары 1-орунду багынта алышты. Андан сырткары “Кыздар илимде” долбоору менен тыгыз иш алып барып жатабыз.

Мектептин эски имараты “Арис” программасынын Дүйнөлүк банк жана Швейцария өкмөтүнүн экономика иштери боюнча секретариаты тарабынан каржыланган “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында мектептин энерго натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тыгыз иш алып барып, 2022-жылдын 7-сентябрында толугу менен бүткөрүлүп ишке берилди.

Бүгүнкү күндө 3 кабаттуу мектептин кошумча имаратын куруу аракеттери жүрүп жатат. Тиешелүү кагаздарга кол коюлду.

Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана далилдөө

1.Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

Өзүн-өзү баалоонун    критерийлериӨзүн-өзү баалоонун жыйынтыгыТастыктоочу база
  • БИЛИМ   БЕРҮҮНҮН САПАТЫН  КАМСЫЗДОО  САЯСАТЫ
1.1Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушуМектеп Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын 23.11.2022-жылкы №344 буйругу менен бекитилген “Бишкек шаарынын Ленин районунун №82 жалпы билим  берүү орто мектеби” мекемесинин уставы менен иш алып барат.
– Менчиктин формасы: муниципалдык.
– Билим берүү уюмунун статусу: жалпы билим берүү орто мектеби
-Мектепте билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн жөнгө салып турган, педкеңешмеде бекитилген бир катар ички актылар бар.Бардык жоболор, эрежелер, буйруктар жана инструкциялар мектептеги окутуу-тарбиялоо процессин укуктук ченемдердин сакталышы менен жүргүзүүгө багытталган.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.04.2014-жылы № 403 Токтому менен бекитилген. “Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын” негизинде билим берүү 3 баскычты камтуу менен жүргүзүлөт:
1.Башталгыч класс- 1-4-класстар
2.Жалпы негизги билим берүү -5-9-класстар
3.Жалпы орто билим берүү – 10-11-класстар
Мектептин уставы,күбөлүк

-Мамлекеттик акт

-Базистик окуу план

Билим берүү уюмун башкарууну жөнгө салуучу

ченемдик, укуктук актылар

 

1.2Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптарын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушуМектептин 2017-жылдан 2022-жылга чейинки өнүгүү программасы мамлекеттин заманбап билим берүү саясатына ылайык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктай турган стратегиялык документ болуп саналат. Программа жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Программанын негизги идеясы – өнүгүү. Ал 3 этапта ишке ашууда.
1.Анализ- даярдоо этабы (2016-2017-ж)
2.Ишке ашыруу этабы (2017-2022-жж)
өнүгүү программасыннын негизги ишмердүүлүгүн камтыйт
3.Жалпылоо-анализдөө этабы (2022-ж)
Программанын максаты: Мектептин билим берүү системасынын бардык компоненттерин мамлекеттик стандарттын талаптарына жана социумдун зарылдыгына
шайкеш келтирүү.
№82 жалпы билим берүү орто мектебинин миссиясы: Дүйнөгө болгон көз карашы кеңири, Мекенчил, физикалык жактан өнүккөн, информациялык технологиялар жана рынок шартында жашоого жөндөмдүү, коммуникативдик маданиятка ээ, негизиги мектепти бүтүп, билим алуунун жогорку деңгээлине жетүүгө даяр, кесип тандоого жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоого бардык шарттарды түзүү жана ишке ашыруу
2022-2023-окуу жылы үчүн түзүлгөн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 20-августундагы № 1460/1 буйругу менен 2022-2023-окуу жылынын Базистик окуу планынын негизинде түзүлдү.
Окуу планына ылайык мектептик компоненттин эсебинен
“Манас таануу” курсу 8-класстарга киргизилди.
Кечки мектеп (сырттан окуу) 2011-2012 -окуу жылынан бери иш алып барат.
Кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө карата төмөнкү структуралык бөлүктөр менен иш жүргүзүлөт:
– педагогикалык курам;
– көмөкчү персоналдар;
– ата – энелер комитети.
Өнүгүү план жобо

-Мектептин өнүгүү планы2017-2022

Мектептин жылдык план 2022-2023-окуу жылы

Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын 2022-2023-окуу жылдык иш планы
-Окуу планы, мектеп компоненти, кечки мектеп
– Кечки мектеп зачет

-Кечки мектеп, талдоо,мониторинг

-Сааттардын бөлүнүшү (кечки мектеп)

-Окуу тарбия иши боюнча директордун орун басары иш план

Усулдук бирикме жөнүндө жобо

-Усулдук иштер отчет 2019-2020-о.ж
Усулдук иштер боюнча директордун орун басарынын жылдык планы 2021-2022-окуу жылы
-Мамлекеттик тилди өнүктүрүү планы
-Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарынын  талдоосу

2018-2019-ж

Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарынын талдоосу 2021-2022-ж

 

1.3Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүм дөрдүн болушуБилим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн бардык кабыл алынган окутуу-тарбиялоо пландары мамлекеттик стандарттын негизинде өз убагында аткарылышы көзөмөлдөнөт. Иш пландын негизинде ачык сабактар, предметтик айлыктар жана өз ара сабактарга катышуу уюштурулуп, сунуш пикирлер айтылып, методикалык окуулар, семинарлар өтүлүп жыйынтыктары педкеңешмеде, өндүрүштүк кеңешмеде маалымдалып турат, педогогикалык жамааттын, окуучулардын жана ата-энелердин катышуусунда талкууланып, жыйынтыгы чыгарылат. 

Директордун,  орун басарларынын иш милдеттеринин нускамалары

-Админ.контролдук иштерди жүргузүү жобосу
Насаатчылык жөнүндө жобо

-Насаатчылыкка  дайындоо буйругу

Насаатчы менен жаш мугалимдин  иш планы
Усулдук кенештин жылдык планы

-Усулдук бирикме жетекчилерин дайындоо буйругу

-Усулдук бирикмелердин иш пландары
Предметтик айлыктардын өтүлүшү
Усулдук бирикме жыйынынын протоколу

 

Мониторинг жобо

Мониторинг билим сапаты

2017-2011-ж

Мониторинг химия-биология

Мониторинг география

Мониторинг англис тили

Билим сапатынын көрсөткүчтөрү

Семинарлардан фото, видео отчет.

1.4Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдердин болушу, аларды сактоо(билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)Мектепте педагогикалык этика жана персоналдардын жүрүм-турумунун этикалык нормалары жөнүндө жобо бекитилген. Бул жободо каралган этикалык нормалар эмгек коллективинин ар бир мүчөсү тарабынан милдеттүү түрдө сакталат. Окуучулардын журум -туруму бекитилген мектептин эрежелеринин алкагында ишке ашат.Мектептин уставы,күбөлүк

Педагогикалык этиканын нормалары жөнүндө жобо

Окуучулардын жүрум-туруму жобо

Класс жетекчилер дайындоо буйругу

Чыр-чатак, арыздануулар кароо жобосу

2.Өзүн-өзү башкаруу уюм жобо
3.Тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын иш планы
4.ИДН иштери

5. Укук бузуучулук алдын алуу иш-чаралары, план, буйрук.

6. Отурум протокол

Соц педагог планы

Соц педагог соц паспорт

2020-2021

Соц педагог соцпаспорт2022-2023

Соцпедагогдун талдоосу

Мониторинг соц паспорт

1.5Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушуМектепте ишти баалоо, пландоо, уюштуруу ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдери уюштурулган. Ар бир окуу жылында жалпы мектептик план; окуу тарбия иштери, тарбиялык иштер, методикалык иштер, психологиялык иштердин пландары түзүлүп, бекитилип, ишке ашырылат. жыйынтыгы менен жыл ичинде аткарылган окуу-тарбия иштерине жүргүзүлгөн анализдин негизинде жылдык иш планынын аткарылышы боюнча бааланат. Баалоодо негизинен окуучулардын билим сапатына басым жасалат жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендерди тапшыруусунун жыйынтыгы жана жалпы республикалык тестирлөөдөгү жетишкендиктери эске алынат.1.Мектептин ички көзөмөл жылдык планы 2021-2022-окуу жылы

-Окуу-тарбия иштери жыйынтык анализ 2018-2019-ж

-Окуу-тарбия иштери отчет-анализ 2020-2021

-2021-2022-окуу жылы жыйынтык анализ

2.Мониторинг билим сапаты3.9-11-кл аттестат, күбөлүк маалымат.Келишимдер-СБ

1.6 Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдердин болушуОкуучунун билим сапатын баалоо үчүн мезгили менен жүргүзүлгөн мониторингдердин жыйынтыгында бардык жоопкерчилик предметтик мугалимдерге, класс жетекчилерге жана ата-энелерге милдеттендирилет жана баалоонун натыйжалуулугу ички административдик көзөмөлдө болот.
Билим берүүнүн натыйжалуулугуна мезгили менен мониторинг жүргүзүү менен анын натыйжалары окуучулар жана ата-энелер менен талкууланат, билим берүүдөгү келип чыккан тоскоолдуктар өз убагында талкууланып, билим берүү процессин жакшыртуу үчүн уюштуруу иштери өз убагында жүргүзүлөт.
Мектеп компоненти окуучулардын сабаттуулугун арттыруу максатында иш алып барат.
Ар бир окуу жылында окуучулар НЦТнын билим сапатын текшерүү иштерине , ЖРТга системалуу түрдө катышышат . Алардын жыйынтыгы боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында окуучулар жана алардын ата-энелери менен иштер алынып барылат.
Мектепте ийрим иши жолго коюлган.
1.Педагогикалык кенеш жобо
2.Ата-энелер комитети жөнүндө жобо3.Ата-энелер милдеттемелери4.Ата-энелер чогулушунун протоколдору5.Долбоорлор менен иш алып баруу6.2030 долбоору7.Долбоордук иш8.Ийрим иштер жылдык план9.Ийрим жетекчилерин дайындоо буйругу10.Ийрим иштери11.Актердук чеберчилик план11.Ата-энелер чогулушу
1.7Билим берүүнүн башкаруунун колдонуудагымаалыматтык системанын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушуМектеп билим берүүнү башкаруунун электрондук маалыматтык системасына (ИСУО) кошулган. ИСУОго маалымдамаларды атайы иш алып барган мугалимге берип турууга класс жетекчилер жоопкерчиликтүү болуп эсептелет. Мугалимдердин басымдуу бөлүгү өз ишинде компьютердик технологияларды колдонушат жана электрондук почталары бар.
Мектепте эки компьютердик-информатика кабинетинде 10 компьютер бар. Мектептин эки корпусунда тең интернет туташтырылган.
-Предметтик мугалимдердин дээрлик бардыгы ноутбуктар менен камсыздалган.
-Мектептин электрондук почтаcы аркылуу иш кагаздар тиешелүү жактарга жөнөтүлөт.
“Манас” окуу кабинетинде интерактивдүү панел, окуу кабинеттеринде 6 интерактивдик доскалар орнотулган, интернет туташтырылган.
Email:
• Веб-сайт:
• ИСУО
• Информатика кабинети, компьютерлердин, “Манас” каб
• фотолор жүктолот.
Күчтүү жактары-Мектептин окутуу-тарбиялоо процессинин сапатын камсыздоого багытталган бардык
укуктук-нормативдик актылардын негизинде иш алып баруусу
-Мектеп өнүгүү планын негизинде миссиясынын так аныкталгандыгы. Стратегиялык план иштелип чыккан,
так пландаштырылган максаттар коюлуп, милдеттер аныкталган, алдыга коюлган максаттарга жетип,
милдеттерди аткаруу үчүн бардык аракеттер бар, ошондой эле иштердин жүрүшү талкууланып, бааланып, аткарылышы боюнча мониторингдер жүргүзүлөт.
Алсыз жактары-Мектептин сыйымдуулугунан 4-5 эсе ашык окуучулардын саны, кошумча сабактар,
ийиримдер өтүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши;
-Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулардын жылдан-жылга көбөйүшү.
Сунуштар: Мектеп жамааты билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга багытталган иштерин улантсын.
-Ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу ишин жөнгө салуучу, укуктук талаада иш алып барууну камсыздай турган ички локалдык актыларды иштеп чыгуу практикасы улантсын.
-Мектептин кошумча корпусун салуу , окуучуларга заманбап талапка жооп берген билим берүү
2. КАДРДЫК  САЯСАТТЫН  ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
2.1Педагогикалык, адмнистративдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже-тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жанашарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол жоболорунун болушуМектептин педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексинин” талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Жумушка кабыл алуу жана бошотуу өздүк арызынын негизинде жүргүзүлөт. Жумушка кабыл алууда кызматкер менен эмгек келишими түзүлөт. Мурда сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө ИИМдин справкасы жок жана КРнын өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга иштөөгө жол берилбейт. Жумушка киришүүдө кызматкер тарабынан талап кылынуучу документтердин пакети тапшырылат (паспорт, медкароодон өтүү, билими тууралуу документтер, эмгек китепчеси, ИИМден справка). Ар бир кызматкерге өздүк дело түзүлүп, иш милдетинин инструкциясы тааныштырылып, колу койдурулат, инструктаж өтүлүп, ички иштөө режими менен тааныштырылат. Эмгек коллективинин бардык мүчөлөрүнүн эмгек китепчелери директордун сейфинде сакталат.Мектепке кызматкерлерди жумушка алуу, бошотуу жөнүндө жобо

-Кесиптик этика

Мугалимдердин кесиптик функ милдеттери

1.Мектептин ички  тартип эрежелери

2.Жамааттык келишим
Жамааттык келишимге тиркеме
Жумушка кабыл алуу жана жумуштан
бошотуу боюнча жобо
(мугалим, тех персонал)
3.Кесиптик бирлик – макулдашуу

Өздүк дело, диплом, сертификат, эмгек китепче, сан китепче, эмгек келишими (мугалим, кенже тейлөө кызматкери)
Кенже тейлөө кызматкерлеринин  милдеттери
-Мугалимдерге жана кенже тейлөө персоналына техникалык
коопсуздукту сактоо боюнча
инструктаж, журнал

2.2Штаттардын комплектелиниши, педагогикалык персоналдардын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсүМугалимдер жана чарбалык иштер боюнча жумушчулардын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берилүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына толук жооп берет.
Аталган мектепте 154 мугалим эмгектенет, анын ичинде магистр билими боюнча – 9, жогорку билимдүү мугалимдердин саны – 113, бакалавр багытында – 18, атайын орто билимдүүлөр -11, бүтпөгөн жогорку билимдүүлөрдүн саны – 3, билим берүүнүн  мыктылары-25 мугалим.
Педагогдорун жана окутуучу-көмөкчү курамдын жумушчуларын квалификациясын жогорулатуу үчүн ар бир окуу жылында реалдуу планы жана ага ылайык графиктери түзүгөн.
Сабактар ар бир предмет боюнча квалификациялык билими бар мугалимдер тарабынан өткөрүлөт.
1.Тарификация

Тарификация комиссия буйрук

-Штаттык расписание

жобо.

-Штаттык жүгүртмө
2.Мугалимдердин сандык-сапаттык курамы
-Магистратуранын диплому, диплом,
-Сертификаттар
Квалификация жогорулатуу жобо, буйрук,
графиги, мониторинг

Мугалимдердин кыймылы

( акырыкы 5жыл)
мониторинг
3.Сабактардын жүгүртмөсү,жобо

2.3Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуМектеп физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу механизми түзүлгөн. “Эмгекти коргоо” жобосунун негизинде алты айда бир техникалык жана өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өтүлүп, ал тууралуу ар бир мугалим, каттоо китебинде кол коюшат. Мындай инструктаж окуучуларга карата дагы өткөрүлөт. Окуучулардын химия, физика, информатика, биология, технология предметтери боюнча окуу кабинеттеринде, спорт залда кандай эрежелерди сактоо керектиги боюнча инструктаж өтүлүп, окуучулардын колу коюлат.
Окуу бөлмөлөрүндө санитардык-гигиеналык ченемдер, техникалык-коопсуздук эрежелери менен өрт коопсуздугунан сактануу эрежелери сакталат, бул боюнча атайын түзүлгөн планга ылайык мамлекеттик жооптуу мекемелер көзөмөлгө алып, тийиштүү инвентарлардын жана документтердин болуусун жана аткарылышын көзөмөлдөп турат.Мектепте 120 орундуу ашканасы бар. Ашкана бардык керектүү жабдуулар менен толук жабдылган. Окуучулардын тамактануусунда бир аз ынгайсыздык жаралууда. Мектеп эки корпустан турат жана башталгыч класстын кээ бир класстары тамактануу үчүн ашканага келүүгө муктаж
Окуучуларды медициналык жактан тейлөө үчүн бир врач, эки корпуста бирден медайым иш алып барат. Медициналык жактан тейлөө үчүн керектүү бардык шарттар камсыздалган.
Окуучулардын психологиялык коопсуздугу мектеп психологу, соц педагог тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Психолог ата-энелердин кайрылуусу, класс жетекчинин сунуш кылуусу менен психологиялык оор жагдайга туш болгон окуучулар менен психодиагностикалык, коррекциялык, кеңеш берүүчүлүк иштерди алып барат. ИДН кызматкери мектеп администрациясы менен түзүлгөн иш планга ылайык тыгыз байланышта иш алып барат. Психология,соцпедагог, ИДН атайы кабинеттер бөлүнгөн.
1.Мектептин психолог.коопсуздугун анык критерийлер

2.Окуучулар ортосундагы пикир келишпестиктер кароо жобосу

3.“Ишеним кутучасы” жобо

4.”Ишеним кутучасы” акт

5. Өзгөчө кырдаалдын схемасы
6. Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жобо

7.Жарандык коргонуу планы
8.Эвакуациялоо планы

Эвакуациялоо боюнча иш чаралар
9.Өрт коопсуздугу, иш орду, эмгекти коргоо нускама, тааныштыруу каттоо журналы

ИДН кызматкеринин иш планы. 2022-2023-
окуу жылы.

Укук бузуучулук алдын алуу биргелешкен план

Ашкананын иши (тамактандыруу жобо)
Окуучулардын коопсуздугу,
коштоп келүү милдеттеме, буйрук

Мектеп дарыгеринин УБДТ менен иш планы.

Жугуштуу ооруларды алдан-алуу(буйрук)

Психологдун укуктук статусу жобо

Психологдун жылдык иш планы
Психолог изилөө ишинен

Психолог иш тажрыйбасынан

2.4Педагогикалык, административдик,кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоо чу механизмдин жана жол-жоболордун болушуМектепте чыгармачылык менен иштеген педагогдорду тандоо боюнча усулдук бирикме иш алып барат, ар бир чыгармачыл мугалимдин иши бааланып, мектептин, райондук, шаардык семинарларга, эл аралык илимий-практикалык конференцияларга, кароо-сынактарга катышууга, иштеген илимий-изилдөөлөрү жана эксперименттери боюнча окуучулар менен бирдикте катышуусуна толук шарт түзүп берет жана чыгармачыл педагогдорду стимул катары материалдык жактан сыйлыктарды берип турат. Ар бир окуу жылынын аягында педагогикалык, админстративдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдардын жыл ичиндеги эмгегине талдоо жүргүзүлүп, сыйлыктарына сунушталат.
Андан сырткары профсоюз тарабынан сыйлык, грамоталарга көргөзүлөт.Жайкы эс алуу путевкалар берилет. Сыйлыкка сунуштоо педкеңеште жана профсоюз чогулушунда каралып, педагогикалык кеңеште чечилет. Айрым учурда эмгек китепчелерге сыйлоо буйругу жазылат.
1.Сыйлоо жөнүндө жобо

2.Мониторинг (сыйлык алуу)
3.КТУ жобо, протокол
4.Кесиптик бирлик иш планы, протокол
5.Кесиптик бирлик тармагынан акыркы
3 жыл ичинде эс алуу-дарылануу багытында
берүү жөнүндө арыз, отурумдун
протоколдорунун көчүрмөсү
5.Жайкы эс алуу жылар боюнча мониторинг

 

Күчтүү жактары– Педагогикалык кадрлардын туруктуу иштеп жаткандыгы;
-Эмгек жамаатынын жаш адистер менен толукталышы;
– Мугалимдердин заман талабына ылайык изденүүчүлүк менен иш алып
барып жатакандыгы,үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны
жогорулатууга баруусу;
– ИДН кызматкерлери, соцпедагогдун, мектеп психологунун ата -энелер,
балдар менен тыгыз иш алып баруусу менен тыгыз иш алып баруусу.
-Мектептеги педагогдордун жана көмөкчү персоналдардын тыгыз биримдиктеги
эмгек жамааты иш алып барат.
Алсыз жактары1. Ата энелердин жоопкерчилигинин төмөндүгү;
3. Көмөкчү персоналдардын жетишсиздиги, айлык акынын аз болушу.
Сунуштар:
1. Мугалимдердин үзгүлтүксүз профессионалдык өсүү программасын, жаш,
жаңы келген мугалимдерге ар тараптуу көмөк көрсөтүү, тажрыйба алмашуу
боюнча иштерди улантуу
3. МАТЕРИКАЛДЫК – ТЕХНИКАЛЫ  БАЗА
3.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенадамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын(жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал,актылар залы, медициналык пункт,ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу №82 жалпы билим берүү мектеби эки корпуста жайгашкан. 1998-жылы ачылган корпуста учурда 14 окуу кабинет, 5 тайпалык кабинет, спорт зал, аянты 96 м 2., тышкы спорт аянтчасы (футбол талаасы) бар. Аталган корпус 2021-2022окуу жылында “Арис” долбоорунун алкагында капиталдык ремонттон өткөрүлүп, окуучулар окуп-билим алуусуна шарт түзүлдү. Бирок, ашкана каралган эмес, ошондуктан жаны корпустагы ашканага 3-4-класстын окуучулары келип тамактанууга муктаж. Жаңы корпус 2015-жылы 500 орунга ылайкталып салынган, учурда 3000ден ашуун окуучу окуп жатат. Мектептин спорт залынын аянты 273 м 2, 333 орундуу чоң жыйындар залы, 70 орундуу конферец зал, 120 орундуу ашкана, медайымдын 2 кабинети бар.
Ч.Айтматов атындагы мектеп китепканасында окуучулардын өз алдынча даярдануусу үчүн 30 орундуу окуу залы окуу китептери, көркөм адабияттар, энциклопедиялар ж.б. китептер менен камсыз кылынганжана сактоо бөлмөсү каралган.Эки корпустун тең айланасындагы жашылдандыруу иштери жана санитардык абалы жакшы жолго коюлган.
Окуу бөлмөлөрүндө санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелери сакталат, бул боюнча атайын түзүлгөн планга ылайык мамлекеттик жооптуу мекемелер көзөмөлгө алып, тийиштүү инвентарлардын жана документтердин болуусун жана аткарылышын көзөмөлдөп турат.
Окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн предметтер боюнча окуу-методикалык материалдар, компьютерлер, интерактивдүү панел, интерактивдүү доска, проекторлор, түстүү телевизорлор, ноутбуктар менен камсыз болгон.
– Эски корпусунда окуу кабинеттеринин саны- 14 окуу кабинети, 5 тайпалык кабинет.Медайымдын жабдылган кабинети, мугалимдер бөлмөсүндө компьютер интернет менен туташтырылган.
-Жаны корпуста эки информатика кабинети, 1 тайпалык кабинет, компьютерлердин саны- 10.
Интерактивдүүт панел “Манас” кабинетине орнотулган, интерактивдүү доскалар 4 кабинетте проекторго туташтырылган.
Окуу корпустардын кире беришине пандус курулган.
Ден соолугуна байланыштуу үйдо окутулган окуучу аталган жылда жок.
1.Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу тууралуу мамлекеттик акт
2.Мектептин техникалык паспорту3.Мектептин тех паспорту 2-корпус
4.Окуу кабинеттери жөнүндө маалымат5.Кабинет башчысынын милдети
6.Окуучулардын коопсуздугун алдын-алуу бурчтары.- медпункт
-спорт аянтчалары
-жыйындар залы
-конференц зал(кабинеттер сүрөттөр)
3.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптары- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери талаптуу түрдө сакталат. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо педагогикалык жана көмөкчү персоналдардын ар биринин таанышып, ал тууралуу кол койгон кызматтык-иш милдеттеринин нускамаларына ылайык жүргүзүлөт. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына өндүрүштүк көзөмөл бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.Жыл сайын өрт өчүрүү кызматынын инспекторлору, экотехинспекция, СЭС кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө тышкы текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айтылган сунуштар, эскертүүлөр боюнча токтоосуз иштер алынып барылат. 

1.Окуу кабинеттери жөнүндө жобо
2.Информатика каб кооп. эрежелери

3. Физика каб.
эмгекти  коргоо, техникалык коопсуздук нускамасы

-Биология кабинет коопсуз эрежелери

3.Окуучулардын окуу кабинеттериндеги
техникалык коопсуздук эрежелери менен
таанышуусун каттоо журналдары жана
инструктаж: химия, физика, информатика,
биология, технология, спорт зал
4.Окуучуларды ташуу нускамасы
Спортзалда машыгуу нускама
5.Уюлдук телефон боюнча нускама
6.Эксурсияга баруу боюнча нускама

7.Кенже тейлөө кызматкерлери үчүн нускама
8.Мектептин “Эмгекти коргоо жана
техникалык коопсуздук эрежелеринин
усулдук колдонмосу
8.Өрт коопсуздугун алдын-алуу боюнча дружиналар буйрук
щит, бурчтар. (Фото)
ЦГСЭН акт, буйрук
Экотехинспекция акт, буйрук

МЧС план , акт,буйрук

3.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо,баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлөт.
Акыркы 5 жыл аралыгында бул багытта төмөндөгү иштер жасалды:
-2018-ж -мектептин алды жабылды( навес)
-2019-ж -мектептин ички туалеттери капи- талдык ремонттон өткөрүлдү
-2020-ж -септик курулду
2021-ж- ашканага: муздаткыч, камыр жуура турган аппарат, аристон;
Медкабинетке- кушетка,
2022-ж -билим берүү башкармалыгы тарабынан 12 жаңы компьютер принтер берилди.
Чарба иштери бонча директор орун басары миледеттери, МТБ жылдык иш пландары 2018-2022-ж

Сүрөттөр

Инновациялык технология менен камсыз болгон кабинеттер

Күчтүү жактары1.Мектеп имараттардын жалпы абалы канаатандырарлык.

 

Алсыз жактары1.Мектеп имараттардын жалпы абалы канаатандырарлык.

2.Окуучулардын саны өтө көп болгондуктан кошумча сабактар, ийирим иштери өтүүгө кабинеттердин жетишсиздиги
3.Эски корпуста ашкананын жоктугу
4.Ата-энелердин колдоосунун төмөндүгү
Сунуштар:
1. Мектептин материалдык -техникалык базасын чыңдоо, окуучулардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүү максатында каржы булактарын колдоо жолдорун табуу

4.ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
4.1Финансылык пландоо системасынын болушуМектептин финансылык каржылоо жергиликтүү бюджеттен алынат.КР Өкмөтүнүн Токтому
План
4.2Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу-2021-2022-ж“Арис” долбоорунун негизинде 24 миллион сомго мектептин эски корпусу капиталдык ремонттон өткөрүп, заманбап жабдуулар менен жабдылып, 2022-2023-окуу жылында ишке берилди.
Мектептин ишине кайдыгер карабаган ата-энелерден спонсордук жардам көргөзүлүп турат.
-Мектептин чоң жыйындар залы үчүн:
2018-жылы- 3 даана дорожка  15 мерт.
2020-жылы – музыкалык аппаратура
2021-жылы-
2022-жылы -1 даана чоң килем,
1 даана кичине  килем
“Арис” долбоору боюнча документтер тиркелет

-Коомдук бирикменин иш планы

Сүрөттөр

4.3Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектептин финансы ресурстарын өнүктүрүү жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизиминин болушу үчүн атайын план иштелип чыгат.МТБ жөнүндө маалымат
Инвентаризация
Күчтүү жактарыКиреше жана чыгаша отчетун өз убагында ар бир айда райондук финансы башкармалыгына тапшырылып турат. Бекитилген смета так жана туура колдонулат.
Алсыз жактарыКошумча каржы булактьары жоктугу