Математика предметинин бир айлык декадасынын ачылышы
Предметтик декадалар катары менен коштолуп, окуучуларга, мугалимдерге майрамдык маанай болууда десек жаңылыштык болбос, анткени бүгүн да математиктердин “Математика-бул адам рухунун эң күчтүү жана эң кооз чыгармасы” аталышында бир айлык декадасынын ачылышы 7-класстардан түзүлгөн “Жети дубан”, “Жетиген”, “Жети жаш математик” топторунун катышуусунда “Сыйкырдуу 7 саны” аталышындагы акыл-таймаш оюну менен коштолду.
Сынактын уюштуруучулары математика предметинин куратору Махабат Алибаевна баштаган Арабекова Турсун, Күрөңкеева Ниллена эжекелер болду.
Ишиңиздерге ийгиликтер болсун, математика илиминин сырларын келечек муунга тереңдетип окутуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин, бар болгула илимдердин падышасы болгон математика мугалимдери!
Комментарии