Жайкы каникулдун алгачкы күндөрүндө мектептин базасында «Алтын балалык» эс алуу лагери өз ишин баштады. Лагерге 150 бала тартылып, алар 30 окуучудан турган беш отрядга бөлүнүштү. Балдар үчүн кызыктуу иш-чаралар уюштурулуп, каникул күндөрүн көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүп жатышат. Лагердин ачылышына Ленин районунун администрация башчысынын орун басары Бактыгүл Сардарбековна жана тарбия иштери боюнча адиси Калбүбү Жакыбалиевна катышты.
Комментарии