21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата 5-класстардын арасында «Тил — достуктун ачкычы» аттуу конкурс өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты окуучулардын эне тилге болгон сүйүүсүн арттырып, тил маданиятын өнүктүрүү болду. Конкурстун жүрүшүндө окуучулар ырларды көркөм окуп, тил тууралуу билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Иш-чара кызыктуу өтүп, катышуучуларга жакшы маанай жана баалуу тажрыйба тартуулады. Тилге болгон урмат-сыйды даңазалаган бул конкурс окуучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.
Комментарии