9-класстын үч окуучусу информатика мугалимдеринин жетекчилиги астында «Школьный хакатон – FIN-FUTURE 2026: Жасалма интеллект финансыларда» аттуу долбоордук ишке ийгиликтүү катышышты. Долбоорду сапаттуу даярдап, окуучулардын чыгармачыл жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мектеп жетекчилиги, информатика мугалимдери жана катышкан үч окуучу ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Бул жетишкендик окуучулардын билимге болгон кызыгуусун, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө умтулуусун жана долбоордук ишмердүүлүктөгү активдүүлүгүн айгинелеп, мектеп жамааты үчүн дагы бир сыймыктуу ийгилик болду.
Комментарии